АК-КЫЯ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Нарын обл‑нун Кочкор р‑ндагы кыштак. Сары‑Булак айыл аймагынын борбору. Кара‑Кужур суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 2476 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш‑нан 60 км түш.-чыгышта, Балыкчы темир жол бекетинен 120 км. 1946‑ж. отурукташкан. Калкы 610 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, участкалык оорукана, мад‑т үйү, китепкана бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры А. Долбаев туулган.