АКВАРИУМ
Jump to navigation
Jump to search
(лат. aguarium, agua – суу) – 1) сууда жашоочу өсүмдүк ж‑а жаныбарларды өстүрүү ж‑а багуу үчүн атайын идиш. Багылуучу өсүмдүк, жаныбардын жашоо шартына ыңгайланып, А‑дун түзүлүшү ж‑а формасы, өлчөмү ар түрдүү болот. Ал жалаң айнектен же каркасы металл, капталдары айнектен, кээде орг. айнектен жасалат. Балыкты багуудагы зарыл шарттардын бири – А‑дагы суу ну кычкылтек м‑н каныктыруу ж‑а зарыл туздун курамын камсыз кылуу. Сууну кычкылтек м‑н каныктыруу үчүн А‑га суу өсүмдүгүн салып, ага 1 суткада 10‑12 саат жарык жиберүү керек. Өсүмдүк жарыкта аквариум балыктары бөлүп чыгарган көмүр кычкыл газды сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгарат; суудан орг. ж‑а орг. эмес заттарды сиңирет. А‑дун түбүнө арык кумун таза жууп пайдаланса болот. Өсүмдүктөрдөн суунун үстүндө калкып жүрүүчү сальвиния, суу салаты, суунун ортосунда сүзүп жүрүүчү элодея, людвигия ж. б. суунун түбүндө тамырлануучу валлиснерия, жебе жалбырак ж. б. пайдаланылат. Бөлмөдө А‑дун болушу абанын нымдуулугун жогорулатат. 2) Изилдөө ж‑а көргөзүү максатында деңиз ж‑а тузсуз сууда жашоочу фауна ж‑а флора өкүлдөрүн кармоочу атайын мекеме. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Деңиз жаныбарларын кармоо үчүн деңиз жээгинде жайгаштырылат. Мындай А. 1‑жолу 19‑к‑дын 2‑жарымында уюшулган (1871‑ж. Севастополдо, 1872‑ж. Неаполдо). Айрым деңиз A‑у океанириум деп аталат.