АКАДЕМИК АДЫШЕВ КЫРКА ТООСУ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
(1980‑жылдан Кыргыз ССР И Анын академиги М. М. Адышевдин ысмында) Ош обл‑нун түн.-чыгышында, Тар ж‑а Гүлчө сууларынын аралыгынан орун алган. Терек тоосунан Төө‑Жайлоо ашуусу аркылуу бөлүнүп, түн.-батышда 110 кмге созулат. Эң жазы жери 50 км. Орт. бийикт. 3260 м, эң бийик жери 4785 м (Академик Адышев атн. чоку; түш.-чыгыш бөлүгүндө). Түн.-батышка карай басаңдайт. Структурасы герцин бүктөлүү мезгилинде түзүлүп, меридиан багытындагы көптөгөн тектон. жаракалар м‑н тилмеленген. Ири тармактары: Кызыл‑Агын, Жылаңач‑Таш, Көк‑Булак, Кара‑Сороң, Алдаяр ж. б. Кар, муз каптаган шиш чокулуу, түш.-чыгышына бийик тоолуу гляциалдык же альп, орто ж‑а түн.-батышына денудация‑эрозиялык, тоо этектерине түрмөктөлгөн жантайыңкы аккумуляция рельефи мүнөздүү. Байыркы муз каптоонун издери түш.-чыгыш бөлүгүндө көп кездешет. Түш.-чыгышындагы бийик бөлүгү–- девон ж‑а силурдун сланец, кумдук, конгломерат; орто
бөлүгү – бор, юра, палеогендин филлит, серициттүү сланец, кумдук; жапызыраак түн.-батышы палеоген м‑н антропогендин кум, чопо, конгломерат тоо тектеринен турат. Бийик чокуларда асылма мөңгүлөр кездешет. Кырка тоого жапыз тоолуу‑талаа, орто бийик тоолуу шалбаалуу‑талаа, шалбаа, бадалдуу токой, бийик тоолуу субальп, альп, гляциалдык‑нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт катары пайдаланылат.