АШГАБАТ ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>, а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

А х а л в е л а я т ы (1992-жылдан) Түркмөн Респ-нын түштүгүндө жайгашкан. Аянты 97,2 миӊ км2. Калкы 939,7 миӊ (2005), шаар калкы 62%. Облуста 9 этрап (адм.-айм. бирдик), 5 шаар, 12 шаарча бар. Борбору ‒ Аннау (мурда Ашгабат ш.).
Облустун аймагынын түзөӊ бөлүгүн Кара-Кум чөлү ээлейт; түштүгүндө Копетдаг тоосу (бийикт. 2942 мге чейин) орун алган. Климаты кескин континенттик. Январдын орт. темп-расы 4°С, июлдуку 29°С. Жылдык жаан-чачыны 80‒100 мм, тоо этегинде 285 ммге чейин. Кыртышы боз топурактуу. Чөп өсүмдүктөрү басымдуу келип, бадал өсөт. Негизги өнөр жай ишканалары: машина куруу (анын ичинде нефть, өнөр жай үчүн жабдуу электр-тех.), металл иштетүү, жеӊил (кебез-кездеме, жибек кездеме, килем токуу, ж. б.), текстиль, бут кийим, тамак-аш (анын ичинде шарап чыгаруу), курулуш материалдар (цемент, айнек) ж. б. Сугат дыйканчылыгы (Кара-Кум каналы) өнүккөн. Дан эгиндери, пахта, жашылча-бакча өсүмдүктөрү, жемиш багы өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк жана жибекчилик өнүккөн. Кой (анын ичинде кара көл кою), уй, жылкы (негизинен ахалтеке), төө, чочко асыралат. Фирюза, Арчман курорттору иштейт.