АСЫЛДЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ эстетикалык жогорку баалуулугу бар көрүнүштөрдү мүнөздөөчү эстетиканын башкы категорияларынын бири. Жаратылыштагы, коомдук турмуштагы, адамдардын ишмердигин деги, иск-водогу кубулуштарды камтыйт. А. эстетикалык идеал түшүнүгү менен тыгыз байланыш кан. А. категориясы сонун, сулуу, ажайып, азем деп аталган нерселер менен гана чектелбейт б. а. жаратылышта, коомдо, адамдын мүнөзүндө көп көрүнүш түздөн-түз сулуу же сонун деп аталбайт, бирок асыл нерсе боло алат. Платон, Кант, Гегель сындуу философтор А-ты рухтун, аӊ-сезим дин касиети катары карашкан. Элдик түшүнүктө А. турмуш кубанычына, адам сапаттарына, табияттын ажайып көрүнүштөрүнө карата аныкталат. Адамдар негизинен А-ка өз критерийи менен баа беришип, ошону менен бирге коомдук практиканын позициясынан мамиле жасайт. Кандай гана түрдө болбосун А. адамга жаккан турмуш, болгондо да өнүгүп-өөрчүп турган жандуу турмуш. Ошондуктан ал адамга жаркын кубаныч алып келет, жан жыргаткан руханий рахат берет, андагы чыгармачылык ишмерликти ойготот.