АСКОРБИН КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:59, 21 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АСКОРБИН КИСЛОТАСЫ,  С  в и т а м и н и, С6Н8О 6 ‒ сууда эрүүчү түссүз кристалл. Өтө күчтүү к-та; 4-ж-а 5-көмүртек атомдору асимметриялык атом болгондуктан, анын 4 оптикалык изомери белгилүү. А. к. дегидроаскорбин к-тасына чейин кычкылданат. Ал адамга абдан керектүү азык витамини. Адамдын организминде С витамини жетишпесе  цинга оорусу пайда болот; тиши түшөт, кан тамырлары борпоӊ болуп, ички органдарга кан агат.