АДРИАНОПОЛЬ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
22:37, 12 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (1829) Россия м‑н Осмон империясынын орто­сундагы согуштун (1828–29) жыйынтыгы м‑н түзүлгөн келишим. 1829‑ж. 2 (14)-сентябрда Адрианополь (Түркиянын Эдирне ш.) ш‑да 25 жылдык мөөнөт м‑н кол коюлган. Келишим б­ча Дунайдын Чаты а. м‑н Кара деңиздин бүт Кавказ жак жээги, Кубань д‑нын чатынан Ажа­риянын түн. чегине чейин, о. эле Ахалкалаки ж‑а Ахалцик чептери чет жакасы м‑н Россияга өткөн; Грузиянын, Имеретиянын, Мегрелиянын ж‑а Эриван, Нахичевань хандыктарынын Россияга кошулушу ырасталган, орустардын ж‑а чет өлкөлөрдүн соода кемелери Босфор м‑н Дарданелл кысыктары аркылуу эркин өтүшүнө Түркия макулдук берген. Дунай княздыктары (Молдавия ж‑а Валахия) автономияга ээ болуш­кан. А. т. к‑н түзүү м‑н орус дипломатиясы ири жеңишке жетишкен. Ал Кара деңиз боюнда соо­данын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп, Закав­казьенин негизги аймактарын Россияга кошуп бүткөн; Молдавия, Грекия, Валахия ж‑а Сербия элдери Осмон империясынын эзүүсүнөн бо­шонгонго объективдүү өбөлгө түзгөн.