АКЦЕПТ
20:01, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
АКЦЕПТ (лат. ассерtus ‒ кабыл алынган) ‒ 1) жарандык укукта сунушта көрсөтүлгөн шарттарга (офертке) ылайык келишим түзүү. Көпчүлүк мамлекеттерде А. келишим түзүүнүн бир баскычы катары эсептелет. А. оозеки, жазуу жүзүндө болушу мүмкүн. 2) уюм, ишкана, чарбалар ортосунда акчасыз эсептешүүнүн бир формасы. 3) вексель А-и ‒ векселди төлөөгө макулдук.