АЙЛАНМА КАПИТАЛ
– өндүрүштүн цикли аяктаганга чейин айланчу өндүрүш каражаттары; А. к. туруктуу капиталдын (сырьё, материалдар, энергия, отун, бүтө элек өндүрүш) жана өзгөрулмө капиталдын элементтеринде жүзөгө ашырылат. А. к. наркы продукцияны сатып өткөрүүдө ишкерге толук кайтарылып берилет. Капиталдын негизги жана айланма болуп бөлүнүшү өндүрүш капиталына тиешелүү жана жүгүртүү капиталына (товардык жана акча) кирбейт. А. к‑ды өндүрүш капиталынын бир бөлүгү катары К. Маркс ачкан. А. Смит аны товар дык же соода капиталы катары караган. Д. Ри кардо А. к‑ын жумушчу күчүн сатып алууга жумшалган чыгымга окшоштурган. Азыркы батыш экономика теориясы А. к. түшүнүгүн бөлүп карабайт. Иш жүзүндө ал айланма өндүрүш капи талы менен катар жүгүртүү, товардык жана акча капиталын камтуучу жалпы күндөлүк активдерди түшүндүрөт, к. Айланма каражаттар.