АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН КОРГОЛУУЧУ ОБЪЕКТИЛЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:56, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – коргоого алына турган айлана‑чөйрөнүн өз ара ажырагыс табигый компонеттери­нин жыйындылары. Алар булгануудан, бузу­луудан, түгөнүүдөн ж‑а талкалануудан сакта­лышы зарыл. Алардын ичинен эң маанилүүлөрү: жер, суу ж‑а атм‑лык аба. Жер бүтүндөй жара­тылыш м‑н анын объектилеринин негизин түзөт. Башка бардык объектилер (жер астындагы ж‑а анын үстүндөгү) Жер м‑н ажырагыс бирим­дикте ж‑а байланышта болот. Жер айлана‑чөй­рөнүн ж‑а аны коргоонун объектиси катары жер бети м‑н кыртыштык катмарды түзөт. А. ч‑сын­да жер өндүрүштүн негизги ж‑а алмаштыргыс каражаты болуп эсептелет. Ошондуктан мында кыртыштын түшүмдүүлүгү биринчи мааниге ээ. Маанилүүлүгү жагынан кийинки объектини суу түзөт. Сууларга дарыялар, көлдөр, каналдар, суу сактагычтар, көлмөлөр, көлчөлөр, мөңгүлөр, жер астындагы суулар кирет. Суу объектилеринин курамы суу кодексинде берилген. Жашоо турмуштагы эң маанилүү жаратылыш чөйрөсү­нүн бири – атмосфералык аба. Атм‑нын курамында атм‑нын «озондук катмары» деген ком­поненти өзгөчө бөлүнүп турат. Бул Жер бетин Күндүн тике тийген нурларынан сактап туруу­чу газ катмары болуп саналат. А.-ч. к. о‑нин бири – токойлор. Токойлордун климатты, суу агымдарын жөнгө салууда мааниси зор, кычкылтек бөлүп чыгарат. А.-ч. к. о. катары экосисте­малар да эсептелинет.