АЙКАЛЫШТЫРЫЛГАН СИСТЕМА
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
к у р улуш механикасында‑ар түрдүү
көтөрүү констр‑ларынын биримдиги (мис., устун м‑н асма констр‑лар, жаа өткөөл м‑н устун ж‑а асмалар). А. с. адатта констр‑лык элементтердин бир бөлүгү. Ал негизинен ийилүүгө ж‑а туурасынан кеткен күчкө, экинчиси чоюулууга ж‑а кысылууга каршы турат. Ошондуктан бир системанын кемчиликтерин аныкталган таасын шартта башкаларынын мүмкүнчүлүктөрү м‑н толуктап турат. А. с‑га кары м‑н ферманын, арка м‑н ферманын, асма констр. м‑н карынын, кары м‑н арканын айкалышынан түзүлгөн констр‑лар кирет. А. с‑нын кысуучу ж‑а ийүүчү күч келүүчү элементтери темирбетондон, ал эми чоюлуучу элементтери өрүлгөн болот зым аркандан жасалат.