АЙ ЖАНА ПЛАНЕТАЛАРДЫН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Ай ж‑а планеталардын атм‑расын, бетин ж‑а жалпы түзүлүшүн, о. эле аларга жакын космос мейкиндигин изилдөө үчүн ил.-из. максатында учурулган космос аппарат-
тары. Жерден кийинки биринчи жасалма жандооч чыгарылган асман телолорунун бири – Ай.
Айдын биринчи жасалма жандоочусу – «Луна‑10» автоматтык станциясы 1966‑ж. 31‑мартта учу рулган. Ал маалымат берүү мезгилинде Айды 460 жолу айланган. 1971‑ж.
Марс м‑н Жердин улуу тогошуу мезгилинде сов. эки космос зонду «Марс‑2» (19‑майда), «Марс‑3» (28‑майда) ж‑а амер. Космос зонду «Маринер‑9» (31‑майда) учурулган. Айга 1980‑ж. чейин 14 жа салма жандоочусу жеткирилген. Башка плане талардын орбитасына да ар кайсы өлкөлөрдөн жасалма жандоочулар учурулган.