АЙДАРКЕН ФЛЮОРИТ КЕНИ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Баткен обл‑нун Кадамжай р‑нунда, Айдаркен руднигинен 8 км
аралыкта, деңиз деңг. 1650–1950 м бийиктикте. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгын доо иштерин жүргүзүп, 1978‑ж. запасын бекиткен. Карбон мезгилинин тоо тектеринен түзүлгөн ар түрдүү брекчияларындагы сымап‑сурьма кен таш тулкулары м‑н флюорит минералы байланышкан. Флюорит майда кристаллдуу уя түрүндө кездешет. Кенташтагы флюорит 16,57% ин түзөт. Флюоритти металлургияда флюс катары пайдаланса болот. Флюориттин С1 категориясы
б‑ча запасы –267 миң г, С2 –270 миң г, 1997‑ж. карата баланстагы запасы Ц –261 миң т, С2 – 269 миң т.