АЙДАРКЕН ФЛЮОРИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:03, 25 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Баткен обл‑нун Кадамжай р‑нунда, Айдаркен руднигинен 8 км аралыкта, деңиз деңг. 1650–1950 м бийиктик­те. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындоо иштерин жүргүзүп, 1978‑ж. запасын бекит­кен. Карбон мезгилинин тоо тектеринен түзүлгөн ар түрдүү брекчияларындагы сымап‑сурьма кенташ тулкулары м‑н флюорит минералы байла­нышкан. Флюорит майда кристаллдуу уя тү­рүндө кездешет. Кенташтагы флюорит 16,57%ин түзөт. Флюоритти металлургияда флюс катары пайдаланса болот. Флюориттин С1 категориясы б‑ча запасы –267 миң г, С2 –270 миң г, 1997‑ж. карата баланстагы запасы Ц –261 миң т, С2 – 269 миң т.