АЙГЫР ЖАЛ кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:14, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЙГЫР-ЖАЛ– Ош обл‑нун Өзгөн р‑ндагы кыш­так. Баш‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Ра йондун борбору Өзгөн ш‑нан 8 км батыш тарапта, Кара‑Суу темир жол бекетинен 64 км. Деңиз деңг. 940 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3091 (2014); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория бар. 1965–68‑ж. Кем­пир‑Абад суу сактагычынын курулушуна байланыштуу мурдагы Жаңы‑Жол кыш‑нан башка жерге көчүрүлүп, азыркыча аталып калган.