АЙБИЭМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (IBM) (англ. IBM CORPORATION)

маалыматтарды иштетүү ж‑а жиберүү каражат-
тарын өндүрүү б‑ча дүйнөдөгү эң ири корпора-
ция. «Эл аралык бизнес машина» IBM АКШда
1911‑ж. негизделип, башка ат м‑н аталган.
Азыркы аты 1924‑ж. ыйгарылган. Бул жылда-
ры IBM ар түрдүү жабдууларды ж‑а маалымат-
тар түркүмү (семействолор) системасын иштеп
чыккан. Алгач өзгөчө IBM 360/370 база компью-
тери кеңири таралган. Жыйналган тажрый-
балардан улам 1990‑ж. ES/9000 түрүндөгү ком-
пьютер м‑н жабдуу башталат. ІВМдин страте-
гиялык иштеп чыгуулары төмөнкүлөр: Nways
арх‑расы, кең тилкелүү тармак арх‑расы, видео-
графика матрицасы, коммутацияланган вир-
туалдык тармак, жиберүүнүн пакеттик жолу,
киргизүү системасы ж‑а кабар маршруттоо,
FORTRAN тили. Тармак башкаруу платформа-
сы Karat тармакта иштетүү системалар көптүгүн
башкарууга мүмкүндүк берет. Структураланган
аталыштар тили берилиштер базасы м‑н натый-
жалуу иштөөнү камсыз кылат. IBM жарыш
иштетүү каражаттуу суперкомпьютерлерден
жеке компьютерге чейинки ж‑а жеке электрон-
дук ассистенттердин кеңири номенкулатурасын
чыгарат. Колдонмо программалар комплексте-
рин иштеп чыгууга көбүрөөк көңүл бурат. Мын-
дай комплекстерге иш кагаздарын автоматташ-
тырууну камсыз кылган колдонмолор, видео-
фильмдерди ж‑а бардык берилиштер түрүн кам-
тыган интегралдаштырылган берилиштер база-
сы кирет.
Өмүралиев А. С.