АЗОБОЁКТОР
Jump to navigation
Jump to search
АЗОБОЕКТОР – ароматтык радикалдарды байланыштырып турган бир нече азотоптору N=N- бар орг. заттар. Молекуласындагы азотоптордун санына жараша: моноазобоёктор R‑N=N‑R1, диазобоёктор RN=NR1‑N=N‑R" (R'SR1, R – орг. радикалдар – ароматтык, гетероциклдик, алифаттык) ж‑а полиазобоёктор деп бөлүнөт. NH2- тобу барлар аминазо-, ОН‑тобу барлар – оксиазобоёктор деп аталат. А‑дун өңүнүн кочкулданышы азо-, окси- ж‑а амин топторунун санына жараша болот. Оксиазобоёктор начар к‑талык, аминазобоёктор начар негиздик касиетке ээ. Курамында бир же бир нече сульфо‑тобу болсо к‑талык, курамында амин‑тобу болсо негиздик А‑го бөлүнөт. А‑ду диазоний туздарынын фенолдор, нафтолдор, ароматтык аминдер ж. б. орг. заттар м‑н реакцияга киришинен алууга болот. Өндүрүлгөн бардык боёктордун 50%и А. болуп эсептелет. Аминазобоёк тор м‑н сары түстөн көк, кара түскө чейин буланын бардык түрүн, пластмасса, кагаз, тери, булгаары боёого болот.