АЗИЯ ОЮНДАРЫ
– эл аралык олимпиялык к‑ттин колдоосунда өтүүчү Азия өлкөлөрүнүн комплекстүү ири спорт мелдештери. 1949‑ж. Делиде Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын конф‑ясында А. о‑нын федерациясы (АОФ) түзүлүп, уставы кабыл алынган. Ал 4 жылда бир жолу өткөрүлөт (Олимпиялык оюндардан 2 жыл өткөндөн кийин). АОФтун максаты: спорт оюндарын уюштуруу, өткөрүү, спорт аркылуу Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту бекемдөө.
АОФго Афган стан, Бангладеш, Бирма, Индия, Индонезия, Ирак, Иран, Камбоджа, КЭР, Ку вейт, Лаос, Ливан, Малайзия, Непал, Пакис тан, Сингапур, Сирия, Таиланд, Түркия, Филип пин, Шри‑Ланка, Япония ж. б. өлкөлөрдүн Улуттук Олимпиялык комитеттери мүчө. Ага 1994‑жылдан Борб. Азия өлкөлөрү да кошулуп, АОФ мүчөсү 43төн ашты (1996). А. о‑нын программасына жеңил атлетика м‑н сууда сүзүү спортунун түрлөрү сөзсүз киргизилет. Андан башка уюштуруу к‑тинин ыктыяры б‑ча спорттун 8ден кем эмес түрү белгиленет. Биринчи А. о.
ж. Делиде өткөрүлгөн. Анын программасына жеңил атлетика, велосипед спорту, бас кетбол ж‑а оордукту көтөрүү б‑ча мелдештер кирип, 11 өлкө катышкан. Экинчиси 1954‑ж. Манилада (Филиппин), үчүнчүсү 1958‑ж. Токиодо өткөн. Андан кийинкилери 1962‑ж. Жакартада (Индонезия), 1966‑ж. Бангкокто (Таиланд),
ж. Токиодо (Япония), 1974‑ж. Тегеранда (Иран), 1978‑ж. Бангкокто 1982‑ж. Нью‑Делиде, 1986‑ж Сеулда, 1990‑ж. Пекинде өткөрүлгөн. 1994‑ж. Хиросимада өткөрүлгөн, он экинчи А. о‑на КРдин курама командасы 1- жолу катышып 23‑орунду ээлеп, 4 күмүш ж‑а 5 коло медалга ээ болгон. 1998‑ж. Бангокто (Таиланд) өткөрүлгөн А. о‑на Кырг‑ндын курама коман дасы 3 күмүш, 3 коло медалга ээ болгон. 2002ж. А. о. Пуссан (Түш. Корея) ш‑нда өткөрүлүп, Кырг‑н курама командасы 2 алтын, 4 күмүш, 6 коло медалды жеңип алган. 1990‑жылдан А. о‑нын кышкы түрү өткөрүлө баштаган. 2003‑ж. 29 өлкөнүн спортчулары катышкан
кышкы А. о. Японияда өткөн.