АЗАН
09:21, 13 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(ар. изина – билдирүү, кулактандыруу, чакырык) – мусулмандарга парз болгон беш убак намаз учурун жарыялаган чакырык. А. чакырган адам – азанчы деп аталат. А. бийик жерден же мунарадан чакырылат. Азанчы жүзүн Мекеге (кыбылага) карай буруп, кулагынын көнчөгүн баш бармак же сөөмөй м‑н кармап, бийик үн м‑н жар салат. Алардын ар бири 3–4 жолу кайталанат: «Алладан башка кудай жок, ал баарынан жогору. Мухаммед – Алланын элчиси. Алладан башка кудай жоктугуна күбөмүн, намазга ашыккыла! Күнөөдөн арылууга ашыккыла! Намаз уйкудан жакшы». Ал эми кыргыз салтында А. каадасы өзгөчө орунда туруп, эзелтен эле кереметтүү, сыйкырдуу күч катары кабылдашкан ж‑а жаңы төрөлгөн наристенин аты аталып, А. чакырылган.