АЖЫРАТУУ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:35, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЖЫРАТУУ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮ – оптикалык приборлордун нерселердеги жакын жайланыш­кан эки чекиттин сүрөттөлүштөрүн даана көр­сөтүүчү чондук. Сүрөттөлүштөрдүн кошулуп кетерине туура келүүчү эки чекиттин ортосундагы минималдуу аралык прибордун ажыратуу чеги деп аталат. Бул чоңдукка тескери чоңдук прибордун оптикалык күчүн туюнтуп, оптикалык системадагы ар түрдүү абберацияларга ж‑а жарык толкунунун дифракция кубулушуна көз ка­ранды. Ар кандай оптикалык прибор жарык нуру кирүүчү ж‑а чыгуучу эки тешиктен турат. Эгерде абберациясыз, өтө так жасалган оптикалык системаны алсак, тешиктерден өткөн жарык толкундар дифракциялык кубулушка чал­дыгып, ар бир чекиттин сүрөттөлүшү чекитти курчаган жарык ж‑а караңгы шакекчелердин системасы түрүндө көрүнөт. Эгерде ар бир дифракциялык тактын борб. экинчи кара теге­ректин чети м‑н тийишсе, дифракция теориясы­нын негизинде жанаша жаткан эки чекит өз ал­дынча так көрүнөт. Бул шарт Рэлей критерийи деп аталат. Мындан келип чыккан А. ж‑нүн чегин аныктоочу формула оптикалык системанын параметрлери/ ж‑а Х)га көз каран ды 5 = 1,21 Xf/D, мында X – жарык толкунунун уз., / – оптикалык системанын фокус аралыгы, D ­кирүүчү тепшгинин диаметри. Абберациясыз оптикалык система болбойт. Ошондуктан, реал­дуу оптикалык системалардын А. ж. бул формула б‑ча эсептелген сандан башкача болот.