АДЪЮТАНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
22:39, 12 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (лат. adjutans – жардамчы) –1) аскер башчыларынын тапшырмаларын атка­руучу офицер (прапорщик, мичман). Сов. Ар­мияда (1954‑ж. чейин) өзүнчө батальондордун (дивизиондордун) строй кызматы жагын баш­карган; 2) рев‑яга чейинки орус армиясында штабдагы иш жүргүзүүнү тейлеген офицер;

17–18‑к‑да орус императорунун тегериндегилерге берилүүчү аскердик чин. Генерал чининдегилерге г е н е р а л‑А., офицер чининде­гилерге ф л и г е л ь‑А. деген наам берилген; 19‑к‑да Францияда полктогу унтер‑офицерлер м‑н капралдардын окуусу үчүн жооп берген офицер. Белгилүү окумуштуу Чокан Валиханов да А. чинине татыктуу болгон.