АДДИС-АБЕБА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (амхарча – жады гүл) – Эфио­пиянын борбор шаары; өзүнчө адм. бирдик. Өл­көнүн борб. бөлүгүндө, Эфиопия тайпак тоосун­да, деңиз деңг. 2400 м бийиктикте жайгашкан. Маанилүү жолдор тоому. Калкы 3,0 млн (2012). Темир жолу аркылуу Жибути (Сомалиде) порту м‑н байланышат. Эл аралык маанидеги аэро порту бар. 1887‑ж. император Менелика II тара бынан негизделип, алгач Финфинни аталган. 1889‑жылдан азыркы атында. Металл иштетүү, тамак‑аш, жыгаччылык, текстиль, цемент өнөр жайы, ун‑т иштейт. Кустардык жол м‑н кезде­ме токулат, булгаары ж. б. чыгарылат. Кол өнөрчүлүк (жыгач буюмдарын жасоо) өнүккөн. Ун‑т, археол. ж‑а а. ч. ил.-из. ин‑ту, музей, Улут­тук театр, Улуттук китепкана бар. 19–20‑к‑дагы арх‑ралык эстеликтер – Менелика II сарайы, Жаңы сарай, Ыйык Георгий собору (экөө тең

19‑к‑дын аягы) ж. б. сакталган. А.-А‑да эл ара лык ири уюмдардын штаб‑квартиралары жай гашкан: алар – БУУнун Африка үчүн экон. ко­миссиясы (1958‑жылдан), Африка союзу (1963­жылдан иштейт; 1963–2000‑ж. – Африка бирим­диги уюму).