АДВЕКЦИЯ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
(лат. advectio – жеткирүү) – 1) Meтеорологияда – абанын горизонталдык багыт б‑ча таралышы. Абанын касиеттерине жараша басымдык А., жылуу же муздак А., суу буусунун А‑сы ж. б. деп ажыратылат. А‑нын таасиринен аба ырайы өзгөрөт. Мис., тоңгон кыртыштын үстүнө жылуу аба келсе, туман пайда болот. 2)Геологияда – тоотек катмарларынын тыгыздыгына байланыштуу алардын орун которушу. Тыгыздыгы анча эмес тоотек катмарлары нык тоотектердин үстүнө катмарланса А. жүрөт. Мис., туз катмарлары терриген чөкмөлөрүнүн астында жатып калса, кийин алар сыгылып чыгат.