АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫГА БИРДЕЙ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
– 1948‑ж. 10‑декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан адам укук тарынын негизги мыйзамы катары кабыл алынган эл аралык документ. Декларациянын жо болору көп өлкөлөрдүн конституция ж‑a мыйзамдарына киргизилген. Ал кириш бөлүмдөн ж‑а 30 статьядан турат. Декларациянын биринчи эки статьясында адамдын расасы, жынысы, тили, дини, улуту, саясий ж. б. көз караштарына карабастан эркиндигин ж‑a теңдигин жарыялаган. 3–21‑статьяларында экон., социал. ж‑a маданий укуктары, 28–30‑статьяларында ар бир адамдын коомчулук алдындагы милдеттери тууралуу айтылат, о. эле Декларациядагы адам укуктарын ишке ашырууга багытталган коомдук ж‑a эл аралык шарттар бекитилген. «Декларацияда ар бир адамдын кадыр‑баркын, теңдигин, укугун таануу эркиндиктин, адилеттиктин ж‑a бүткүл дүйнөдөгү тынчтыктын негизи болот» деп жарыяланган. Декларацияда ар бир адам жашоого, эркиндикке, керт башына эч кимдин тийбестигине укуктуу экендиги көрсөтүлүп, алар анын башка жоболорунда да толукталган: «Эч ким кулчулукка же эрксиз абалда болбоого, бирөө тарабынан кыйноого же адамдык беделди кемсинтүүчү ырайымсыз, катаал мамилеге, жазага кириптер кылынбоого, зомбулук м‑н кармалбоого, куугунтукталбоого тийиш». Адамдын жеке ж‑a үй‑бүлөлүк турмушуна, турак жайына, кат жазышуунун жашырындуулугуна эч кимдин тийүүгө укугу жок, ар бир адам ар‑намысы м‑н беделин коргоого укук туу ж‑a ал адилет сот тарабынан корголууга тийиш, о. эле адамдын саясий, жарандык укук
тары, эркиндиги ж‑дө да айтылган. Алар: ойпикирдин эркиндиги, динге ишенүү‑ишенбөө, каалаган динди тутуу, көз караштын эркинди ги ж‑a аны эркин билдирүү, чогулуш өткөрүүгө, бирикме, союз түзүүгө, ар бир адамдын жалпы га тең, жашыруун добуш м‑н шайлоого, өз өлкөсүнүн башкаруу ишине катышууга, бир жактан экинчи жакка көчүп барууга ж‑a жашоо үчүн өзүнө жер тандоого, баш калкалоого, жарандуулукка, мүлк күтүүгө укуктуу. Декла рацияда көрсөтүлгөн адам укуктарынын бардыгынын негизинде тең укуктуулук принциби жатат. 10‑декабрь жыл сайын адам укуктары нын күнү катары белгиленет.
М. Т. Артыкбаев, Н. К. Алиева.