Difference between revisions of "АВТОМАТТЫК БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
11:27, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ автоматтык (өз алдынча) тартипте объектинин физ. чоӊдуктарын көрсөтүлгөн программада өзгөртүүчү тех. түзүлмөлөр тутуму. Анда ар кандай башкаруу маселелери коюлат. Алардын эӊ жөнөкөйү ‒ автоматтык турукташтыруу. Анын мындан тышкары ээрчиме ж-а программалык башкаруу ж. б. түрлөрү бар. Турукташтыруучу башкарууда объектинин айрым физ. чоӊдукта ры (мис., басым, темп-ра, ылдамдык ж. б.) берилген көрсөткүчтө кармалып турат. Учуучу аппараттарды (самол¸т, ракета ж. б.) автоматтык башкарууда траекториялык, терминалдык (чекиттик) ж-а автоматтык кондурууну башкаруулар орун алат. Системалар коюлган маселеге, шартка карата аныкталган, оптималдуу, ылайыкташкан (адаптивдүү) түрүндө курулат. Системада колдонулуучу сигналдын түрүнө карата үзгүлтүксүз, импульстук, санариптик (цифралык) деп бөлүнөт. Азыркы учурда көп мындай системалар микропроцессор техникасынын ж-а микроЭЭМдин негизинде курулат.
Ж. И. Батырканов.