Difference between revisions of "АВГУСТ Октавиан"
Jump to navigation
Jump to search
9-71>KadyrM |
9-71>KadyrM |
||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
( | Октавиан (б. з. ч. 63 – б. з. 14) – Рим императору (б. з. ч. 27-ж.). Б. з. ч. 44-ж. Гай Юлий Цезарь асырап алып, өзүнүн мураскору деп жарыялаган. Цезарь өлтүрүлгөндөн кийин Октавиан анын аскерлерине таянып, императордун тактысы үчүн күрөш жүргүзгөн. Алгач Антоний ж-а Лепид м-н бирдикте (2-триумвират), республикачыл сенаттын жол башчылары Брут м-н Кассийдин (Цезарды өлтүргөндөрдүн) аскерлерин талкалайт. Б. з. ч. 36-ж. Помпейдин аскерлерин жеңип, Лепидди бийликтен ажыратат. Б. з. ч. 31-ж. Египетке каршы согуш жарыялап, анын натыйжасында өзүнүн негиз ги душманы Антоний м-н Египет ханышасы Клеопатранын аскерлерин талкалайт. Ушундан кийин А. Рим мамлекетинин диктаторуна айланат. Рим сенаты Октавианга «Август» («Ыйык адам») деген титул ыйгарып, «Мекен атасы» деп аташкан. Өлгөндөн кийин А. Кудай деп жарыяланып, ал каза болгон ай анын урматына август айы аталып калган. А. маанилүү саясий-адм. реформаларды жүргүзгөн. Мамлекетти башкарууда жаңы саясий режим — принципат орнотулган. Анын тушунда Рим империясынын курамы на Испания толук каратылып, Египет, Мезия, Паннония, Германия провинциялары түзүлгөн. Курулуш иштери кеңири кулач жайып («Римди мраморго бөлөдү»), мад-т, ад-т өнүккөн. | ||
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы
Октавиан (б. з. ч. 63 – б. з. 14) – Рим императору (б. з. ч. 27-ж.). Б. з. ч. 44-ж. Гай Юлий Цезарь асырап алып, өзүнүн мураскору деп жарыялаган. Цезарь өлтүрүлгөндөн кийин Октавиан анын аскерлерине таянып, императордун тактысы үчүн күрөш жүргүзгөн. Алгач Антоний ж-а Лепид м-н бирдикте (2-триумвират), республикачыл сенаттын жол башчылары Брут м-н Кассийдин (Цезарды өлтүргөндөрдүн) аскерлерин талкалайт. Б. з. ч. 36-ж. Помпейдин аскерлерин жеңип, Лепидди бийликтен ажыратат. Б. з. ч. 31-ж. Египетке каршы согуш жарыялап, анын натыйжасында өзүнүн негиз ги душманы Антоний м-н Египет ханышасы Клеопатранын аскерлерин талкалайт. Ушундан кийин А. Рим мамлекетинин диктаторуна айланат. Рим сенаты Октавианга «Август» («Ыйык адам») деген титул ыйгарып, «Мекен атасы» деп аташкан. Өлгөндөн кийин А. Кудай деп жарыяланып, ал каза болгон ай анын урматына август айы аталып калган. А. маанилүү саясий-адм. реформаларды жүргүзгөн. Мамлекетти башкарууда жаңы саясий режим — принципат орнотулган. Анын тушунда Рим империясынын курамы на Испания толук каратылып, Египет, Мезия, Паннония, Германия провинциялары түзүлгөн. Курулуш иштери кеңири кулач жайып («Римди мраморго бөлөдү»), мад-т, ад-т өнүккөн.