Difference between revisions of "АБРАЗИВДҮҮ АСПАПТАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 (лат. abrasivus кырып-жонуучу) – катуу материалдарды ж-а пластмассаны иштетүүдө колдонулуучу абразивдүу материалдардан (өзгөчө бышык, катуу заттардан) жасалган жабдыктар. А. а. к а т у у (жылмалоочу тегерек, бөрк, сегмент, кайрак) ж-а ийилчээк (жануур, тасма ж. б.) болуп бөлүнөт. А. а. негизинен электркорунд, крем ний карбиди, жасалма ж-а табигый алмаздан жасалып, алардын кесүүчү абразивдүү бүртүк-

чөлөрүн бириктирүүдө чопо, бакелит, силикат, магнезий пайдаланылат. А. а-дын 12 миңге жакын түрү чыгарылат. Аларга кошулган алмаздын өлчөмү (1 мм3 көлөмдөгү алмаз) – анын негизги көрсөткүчү. Алмаз 100% кошулганда, 1 мм3 катмарда 0,878 мг алмаз болот. Мис., жыл малоочу тегерек жасалчу курамга 25– 200% ке чейин алмаз кошулат.