Difference between revisions of "БАЖЫ АЛЫМЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

өлкөнүн чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардан, мүлктөн, баалуулук тардан алынуучу мамл. акча жыйымы. Б. а-н бажы мекемелери жыйнайт. 1947-ж. Тарифтер ж-а соода тууралуу генералдык макулдашуу түзүлгөн. Анда бажы тарифин төмөндөтүү максаты коюлган. Европа экономикалык союзунун (ЕЭС) катышуучулары өз ара соодадагы Б. а-н алып салышкан ж. б. өлкөлөргө карата бирдиктүү бажы тарифин белгилешкен. Б. а. импорттолуучу товарлардын баасын жогорулатуу м-н мамлекетке ички рынокту коргоого, товарлардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн чектөөгө, импорттун көлөмүн ж-а структурасын жөнгө салууга мүмкүндүк берет.