Difference between revisions of "БАБКИН"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
556-684>KadyrM |
(Айырма жок)
|
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
Михаил Николаевич (22. 1. 1922, Воронеж обл., Аннинский р-ну, Старая Тайга кыш. ‒ 8. 12. 1959) ‒ учкуч, авиациянын майору, Сов. Союз. Баатыры (1945). 1941-ж. Көк-Жаӊгак ш-нан аскерге чакырылып, 1943-ж. Чкалов
аскердик авиация мектебин бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушта 1943-ж. июлдан штурмалоочу Кызыл Туулуу Волковыск 198-авиация полкунун курамында Беларусияны бошотууга катышып, Польша ж-а Чыгыш Пруссия аймактарын да салгылашкан. Бул салгылашууларда 145 жолу со
гуштук учуу жасап, душмандын 85 автомаши насын, 8 самолётун, 5 зениттик ж-а согуштук артиллериясын, о. эле күйүүчү май, ок-дары сакталган складдарын талкалап, керектен чыгарган. Согуштан кийин Сов. Армиянын катарында кызмат өтөөнү улантып, аскердик кызмат учурунда авиац. катастрофадан курман болгон. Анын ысмы Жалал-Абад ш-ндагы мектепке ж-а көчөгө ыйгарылган. Эки Ленин, төрт Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.