Difference between revisions of "АШГАБАТ ОБЛУСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 А х а л в е л а я т ы (1992-жылдан) Түркмөн Респ-нын түштүгүндө жайгашкан. Аянты 97,2 миӊ км2. Калкы 939,7 миӊ (2005), шаар калкы 62%. Облуста 9 этрап (адм.-айм. бирдик), 5 шаар, 12 шаарча бар. Борбору ‒ Аннау (мурда Ашгабат ш.).

Облустун аймагынын түзөӊ бөлүгүн Кара-Кум чөлү ээлейт; түштүгүндө Копетдаг тоосу (бийикт. 2942 мге чейин) орун алган. Климаты кескин континенттик. Январдын орт. темп-расы 4°С, июлдуку 29°С. Жылдык жаан-чачыны 80‒100 мм, тоо этегинде 285 ммге чейин. Кыртышы боз топурактуу. Чөп өсүмдүктөрү басымдуу келип, бадал өсөт. Негизги өнөр жай ишканала ры: машина куруу (а. и. нефть, өнөр жай үчүн жабдуу электртех.), металл иштетүү, жеӊил (кебез-кездеме, жибек кездеме, килем токуу, ж. б.), текстиль, бут кийим, тамак-аш (а. и. шарап чыгаруу), курулуш материалдар (цемент, айнек) ж. б. Сугат дыйканчылыгы (Кара-Кум каналы) өнүккөн. Дан эгиндери, пахта, жашылча- бакча өсүмдүктөрү, жемиш багы, жүзүм өстүрүлөт. Кой (а. и. каракөл кою), уй, жылкы (негизинен ахалтеке), төө, чочко асыралат. Жибекчилик өнүккөн. Фирюза, Арчман курорттору иштейт.