Difference between revisions of "АЧЫК САБАК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

‒ мугалимдин пед. тажрыйба сын, окутуучулук чеберчилигин баалоонун формасы. А. с-тын планы күн мурунтан түзүлүп, алдын ала предметтик мугалимдердин методикалык бирикмесинде каралат ж-а мектеп директору же анын окуу иштери б-ча орун басары тарабынан бекитилет. А. с. окуу программасын дагы татаал же жаӊыдан киргизилген темаларга карата уюштурулат. А. с-та пед. теория м-н практиканын биримдиги, окутуунун жаӊы технологияларын: алдынкы методдорду, окутуунун салтка айланбаган формаларын кеӊири колдонуу ишке ашырылат. А. с. мектеп практика сында мугалимдер арасында алдынкы пед. тажрыйбаны жайылтуунун да ийкемдүү жолу болуп саналат. А. с-ка атайын чакырылган адамдардын катышуусу максатка ылайыктуу.