Difference between revisions of "ИОАНН ПАВЕЛ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

ИОА́НН ПА́ВЕЛ II, К а р о л ь Ю з е ф В о й­т ы л а (18. 5. 1920, Польша, Вадовище ш.– 2. 4. 2005, Рим) – 264-шайланган Рим папасы (1978–2005), саясий ж-а коомдук ишмер. 1958-ж. Краков епископу, 1964-ж. архиепископу ж-а митрополити. 1967-ж. кардинал наамын алган. 1523-жылдан бери италян эмес улуттан Рим па­пасы болгон биринчи киши. Марцин Вадовите атн. гимназияны бүткөндөн (1938) кийин, Кра­ков ш-ндагы Ягелон ун-тинин философия ф-тине тапшырган. 2-дүйнөлүк согушта Польшаны не­мистер басып алганда ун-т жабылып калган. Ал жашырын иштеген Рапсодия театрын уюш-

туруунун демилгечилеринен актёр ж-а режиссёр, о. эле шахтада, «Солвей» концер­нинин хим. өндүрүштүк ме­кемесинде жумушчу болуп иштеп, дин семинариясына катышып турган. Кийин Рим, Швейцария ж-а Бель­гия ун-ттеринин философия ф-тинде окуган. 1948-ж. өз мекенине кайтып келип, Краков, Католикалык ун-ттеринде иштеп, тео­логия илимд. доктору наамына ээ болгон. Фи­лософия ж-а теология илимдери б-ча көптөгөн эмгектердин автору. Ал ар түрдүү диндеги мам­лекеттердин тынчтыкта жанаша жашоосуна, дүйнөлүк диндердин ж-а алардын тармактары­нын өз ара жакындашуусуна зор салым кош­кон. Рим папаларынын арасынан биринчи бо­луп чиркөөлөргө ж-а мечиттерге расмий жолу­гушууларга барган.