Difference between revisions of "ИНФУЗОРИЯЛАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

ИНФУЗОРИЯЛАР (Infusoria же Ciliophora) – жөнөкөйлөрдүн тиби же типчеси. Дене уз. 10 мкм­ден 3 ммге жетет, түрдүү формада кирпикчелер м-н капталган. Жалгыздан кыймылдуу же бир нерсеге жабышып жашайт, чанда колониялуу. Ооз тешикчеси анча терең эмес чуңкурчада жай­гашкан. Оозу кулкунга уланат да тамак сиңирүү вакуолдор м-н байланышат. Сиңирбеген азык­тын калдыктары атайын жылчыкча (пороши­ца) аркылуу сыртка чыгарылат. И-дын ядросу (макронуклид) ж-а ядрочосу (микронуклид) бо­лот. Ядросу зат алмашуу процессин тейлейт. Ядрочосу болсо жыныстык жол м-н көбөйүүгө катышат. Жыйрылуучу вакуолдору радиалдуу жайгашкан түтүкчөлөр м-н курчалган. Зат ал­машууда иштелип чыккан акыркы заттар тү­түкчөлөр аркылуу чогулуп, вакуол жыйрылган-


да сыртка бүркүлүп чыгарылат. Көбөйүүсү ың­гайлуу шартта туурасынан бөлүнүп, жыныссыз жол м-н жүрөт. Чөйрөнүн шарттары татаалда­ганда эки особь бир бирине жакындашып, ооз­дорунун ортосундагы цитоплазмалык көпүрө аркылуу ядрочосунун бир бөлүкчөлөрү м-н ал­машат, б. а. жыныс жолу м-н да көбөйөт. Жа­гымсыз шартта көбү циста пайда кылат. 2 клас­сы (кирпиктүү ж-а соргуч), 400дөй уруусу деңиз­дерде, тузсуз ж-а мала туздуу сууларда жашайт. Бактериялар, балырлар ж-а жөнөкөйлөр м-н азыктанат. Көпчүлүк И. комменсалдар, башка жаныбарлардын (балык, жерде-сууда жашоочу­лар, сүт эмүүчүлөр) митеси. Айрымдары балык

Файл:ИНФУЗОРИЯЛАР60.png
Инфузориялар: а) туфелька (1 – кирпичелер, 2 – та­мак сиңирүүчү вакуолдор, 3 – микронуклеус, 4 – ооз тешиги, 5 – кулкун, аналдык вакуолдогу зат, 6– аналдык вакуолдон чыккан зат; 7 – жыйрылуучу вакуол резервуары, 8 – макронуклеус, 9 – трихоцист­тер); б) трубач; в) балантидий.

ж-а адамдын оорусун пайда кылат. Алар ген., цитол. ж. б. изилдөөлөрдө кеңири колдонулат.