Difference between revisions of "ИНФАРКТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

ИНФА́РКТ (лат. intfarctus – шыкалган) – орган же ткандын артериялык кан жетпей калган бөлүгүнүн некрозго чалдыгуусу. Тромбоз, эмбо­лия же ошол тканды азыктандыруучу артерия­нын тарышы, шишик басып калышы И-тын түздөн-түз себеби болуп эсептелет; И-та ткан­дардын өзгөрүүсүнө гипоксиянын да таасири чоң. И-тын ишемиялык, геморрагиялык ж. б. түрлө­рү бар. Ишемиялык И-та некроз болгон жерге кан жетпей калса, геморрагиялык И-та ал жер­ге кан ашыкча толот. Ишемиялык И. жүрөк, бөйрөк, көк боордо, ал эми геморрагиялык И. өпкө, ичегиде болот. И. кургак (миокарддын И-ы) же нымдуу (мээнин И-ы) болушу мүмкүн.
Анда органдар абдан өзгөрөт: өлүк масса чогу­луп, киста (мис., мээде) же тырык (мис., жүрөк булчуңунда) пайда болот. Алдын алууда ага се­беп болуучу оорулардан сактануу керек.