Difference between revisions of "ИННОВАЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:29, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

ИННОВА́ЦИЯ (англ. innovatio – жаңыруу, өз­гөрүү) – констр-лоого‚ өндүрүшкө же товар са­тууга жаңы мамиле. Анын натыйжасында инвестор же анын компаниясы атаандаштары­нын алдында артыкчылыкка ээ болот. Патент­ти пайдалануу м-н ийгиликке жетишкен нова­тор убактылуу монополияны камсыз кылуусу мүмкүн. И. өндүрүштүк чыгымдарды азайтып, продукциянын сапатын жакшырткандыктан‚ рыноктун аракетин күчөтөт. И. – узакка созулуу­чу ж-а кымбатка туруучу процесс. Мис.‚ ксеро­көчүрмө 1948-ж. ойлоп табылган‚ андан берки 10 жылы тех. иштеп чыгууларга арналып‚ ошондон кийин гана рынокко аралашкан. И. жалпысынан экон. өнүгүүнү тездетет.


Ад.: Упраление инновациями. Факторы успеха но­вых фирм. М., 1995; Трансфер технологий и эффек­тивная реализация инноваций. М., 199; Особенности инновационного предпринимательства и управление его развитием. М., 2002.