Difference between revisions of "АКАЕВ Аскар"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКАЕВ''' Аскар (10. 11. 1944, Кыргыз ССРи, Чүй облусу, Кемин району, Кызыл‑Байрак айылы) – техника илимдеринин доктору (1981), профессор (1983), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1987), Россия ИАнын анык мүчөсү (2006). Кыргыз Республикасынын Президенти (27. 10. 1990–5. 04. 2005), Убактылуу | * '''АКАЕВ''' Аскар (10. 11. 1944, [[Кыргыз ССРи]], [[Чүй облусу]], [[Кемин району]], [[Кызыл‑Байрак айылы]]) – техника илимдеринин доктору (1981), профессор (1983), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1987), Россия ИАнын анык мүчөсү (2006). Кыргыз Республикасынын Президенти (27. 10. 1990–5. 04. 2005), [[Убактылуу өкмөт]]түн 12. 08. 2010-жылдагы декрети менен өлкөнүн экс-президенти жана кол тийбестик статусунан ажыратылган. | ||
[[File:АКАЕВ 132.png | thumb|none]] | [[File:АКАЕВ 132.png | thumb|none| | ||
1961-жылы орто мектепти алтын медаль менен аяктагандан кийин «Фрунземаш» автомобиль жыйноочу заводдо слесарь болуп иштеген. Ошол эле учурда Фрунзе | |||
* | |||
]] | |||
* 1961-жылы орто мектепти алтын медаль менен аяктагандан кийин «Фрунземаш» автомобиль жыйноочу заводдо слесарь болуп иштеген. Ошол эле учурда [[Фрунзе шаары]]ндагы политехника институтунун (азыркы [[И. Раззаков Кыргыз Техникалык университети]]) механика факультетине кирип, бир жылга жетпеген убакыт сырттан окуган. 1962-жылы [[РСФСР]]дин Ленинград (азыркы [[Санкт-Петербург]]) шаарындагы так механика жана оптика институтуна кирип, аны 1967-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1967–1971-жылдары ошол эле институтта улук лаборант, инженер болуп иштеп, аспирантураны аяктаган. 1972–1988‑жылдары Фрунзе шаардык политехника институтунда кенже ассистент, инженер, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. 1977-жылы электрондук-эсептөөчү машиналарды жылытуу маселелери боюнча математикалык изилдөөлөрү үчүн илим жана техника тармагындагы Кыргызстан [[Ленин комсомолунун сыйлыгы]] ыйгарылган. А. Акаевдин демилгеси боюнча 1978-жылы Политехникалык институтта электрондук эсептөө машиналар кафедрасы түзүлүп, 1981-жылы «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. [[КПСС]]тин (1981–1991), КПСС БКнын (1990–1991) мүчөсү, 1986–87‑жылдары [[Кыргызстан КП БК]]нын мүчөсү, илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн жетекчиси, 1987‑жылы Кыргыз ССР ИАнын вице‑президенти, 1989-жылдан анын президенти. 1989-жылы [[Ноокат району]]нун ([[Ош облусу]]) атынан [[СССР Жогорку Совети]]не депутат болуп шайланып, кийин СССР Жогорку Советинин [[Улуттар палатасы]] жана экономикалык [[реформа]] боюнча комитетке мүчө болгон. 1980-жылдардын аяк ченинде ар кыл объективдүү жана субъективдүү себептерге ылайык СССРде экономикалык кризистер (бул доор «сенек мезгил» деген ат менен белгилүү болгон) орун алып, анын натыйжасында союздук республикалардын саясий көз карандысыздыкка умтула башташы коомдук карама-каршылыктардын кескин курчушуна алып келген. 1990-жылы бардык союздук республикалар өз өлкөсүндө кабыл алынган закондордун артыкчылыгын белгилөө менен мамлекеттик эгемендүүлүк тууралуу декларация кабыл алууга киришишкен. Мындай кырдаалда Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин 1990‑жылы 27‑октябрда өткөн сессиясы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу президенттикке А. Акаевди шайлаган. 1991-жылы 19–22-августта Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитет ([[ГКЧП]]) уюштурган төңкөрүштү колдоодон баш тартып, Коммунисттик партияны жоюуну жактагандарды колдоп чыккан. 1991-жылы 20-августтан 27-октябрга чейин 11 республика, алардын ичинде Кыргыз Республикасы да өзүнүн көз каранды эместигин жарыялап, анын негизинде 1991‑жылы 12‑октябрда өткөрүлгөн жалпы элдик шайлоодо 95, 33 % добуш менен А. Акаев кайрадан президент болуп калган. 1991-жылы 21-декабрда [[Литва]], [[Латвия]], [[Эстония]], Грузиядан тышкары мурдагы 11 союздук республикалардын президенттери менен бирге [[Алма-Ата шаары]]нда ([[Казакстан]]) [[Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктешти]]гин (КМШ) түзүүгө, ошондой эле 1992-жылы 2-мартта Кыргызстанды [[Бириккен Улуттар уюму]]на (БУУ) кабыл алууга жана БУУнун штаб-квартирасына жакын жерде Кыргызстандын желегин көтөрүү салтанаты ж.б. сыяктуу иштерге катышкан. Мамлекеттик бийликти закон чыгаруу жана аны аткарууга негизделген принциптер ишке ашырылып, ошондой эле плюрализм, көп партиялуулуктун системасына өтүү жолу белгиленген. 1992-жылы февралда мамлекеттик аппаратты жойгон (министрлик жана мекеме кызматчыларынын саны эки эсе азайган) жана [[премьер-министр]]ди вице-премьер-министрликке коюп, 1993-жылдын май айына чейин Кыргыз өкмөтүн өзү жетектеген. 1992-жылы сентябрь айында бааларды либералдаштыруу, мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү ишке ашырыла баштаган. Көз карандысыз мамлекет болуп жарыялагандан кийин Кыргызстанда өз кен байлыктарын иштетүү үчүн чет элдик инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүнө жеткен. 1991-жылдын февраль айынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү СССРдин Баалуу металл жана алмаздарды конструкторлоо, долбоорлоо илимий-изилдөө институтунун («Гиналмаззолото») сунушу менен [[Кумтөр кени]]н иштетүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган. 1991-жылы 2-декабрда «Сиабеко-Кыргызстан» [[акционердик коом]]у түзүлүп, анын жардамы менен эч кандай конкурс жүргүзүлбөй, 1992-жылы 4-декабрда Торонто шаарында ([[Канада]]) Кыргыз Өкмөтү жана «[[Камеко]]» (Cameco) корпорациясынын ортосунда «Кумтөралтын» долбоору боюнча Башкы макулдашууга кол коюлган. 1993-жылы «Кумтөр Оперейтинг Компани» түзүлүп, аны менен бирге Кыргызстандын алтын запастарын жана алтынды сатуудан түшкөн чет элдик валютаны мыйзамсыз айландыруунун айрым фактылар ачыкка чыккан. Депутаттык атайын [[комиссия]] түзүлүп, текшерүүдө мамлекеттик жооптуу органдардын уюштуруу ишинде, айрым кызмат адамдарынын шалаакылыгы, анын ичинде чет өлкөлүк фирмалар менен чарбалык келишимдерди түзүүдө одоно кемчиликтери жол берилгендиги аныкталган. [[Башкы прокуратура]] тарабынан кылмыш ишин козголуп, 1993-жылы декабрда премьер-министр Т. Чынгышев кызматынан алынган. 1994-жылы [[«Кыргызстан элдеринин ассамблеясы»]] түзүлгөн. Ушул эле жылы [[Конституция]]га өзгөрүүлөр киргизилип, ага ылайык парламент мөөнөтүнөн мурда таратылган жана мыйзам чыгаруу жыйыны – 35, эл өкүлдөр жыйыны – 70 депутаттан турган эки палаталуу парламентке айланган. 1993-жылы октябрда президент Б. [[Ельцин]] менен [[Россия Федерациясынын Жогорку Совети]]нин ортосундагы куралдуу жаңжалда орус президентин колдоп чыккан. А. Акаев президент болуп турган мезгилде КМШ өлкөлөрүнөн биринчи болуп Кыргызстанда улуттук [[валюта]] – [[сом]] киргизилип (1993), [[Бүткүл дүйнөлүк соода уюму]]на мүчө болгон (1998). БУУнун колдоосу алдында [[«Манас‑1000»]], [[«Ош‑3000»]], [[Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы]] белгиленген. Ички саясатта «европалык типтеги [[демократия]]ны» өнүктүрүп, Кыргызстанды [[Борбордук Азия]]дагы «[[Швейцария]]га» кылуу ниетин жарыялаган. Орус тилдүү калктын [[эмиграция]]сын токтотуу аракетинде [[Кыргыз-Орус Славян университети]] ачылган. 1995-жылы 24-декабрда Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо өтүп, [[Борбордук шайлоо комиссиясы]] (БШК) тарабынан добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы чыга электе өлкө башчысынын басма сөз кызматы А. Акаев экинчи мөөнөткө шайланганын, ага 70 %тен ашык шайлоочулар ишеним көрсөткөнүн жарыялашкан. Мындай көрүнүштөрдөн кийин оппозициялык кыймылдын айрым мүчөлөрү (мис., Т. Тургуналиев, Д. Үсөнов ж.б.) өлкө авторитардык жолго түшүп бара жатканын эскертишкен. 1996-жылы Конституцияга кайрадан өзгөрүүлөр киргизилип, ал боюнча А. Акаев өкмөт мүчөлөрүн, жергиликтүү администрациянын жетекчилерин жана элчилерди дайындоо укугун алган. Иш жүзүндө аткаруу бийлиги президентке көз каранды болуп, депутаттар өкмөттү кетире албай калган, бирок премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү укугуна ээ болгон. Ушундай шартта Кыргызстан коммунисттери, «Ар-Намыс», Кыргызстан Демократиялык Кыймылы (КДК), «Ата-Мекен», «Бей-Бечара» ж.б. сыяктуу бир нече оппозициялык партиялар түзүлгөн. Өлкөнүн Конституциясына ылайык Президенттикке шайланууга эки жолку мөөнөткө гана укук берилгенине карабай, 1998-жылы жазында «Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын» атынан кийинки президенттик шайлоого А. Акаевди катыштыруу тууралуу [[Конституциялык сот]]ко кайрылуу жолдонгон. Ошол эле жылдын июль айында ага үчүнчү мөөнөткө шайланууга уруксат берилип, 2000-жылы өтө турган шайлоого кайрадан талапкерлиги көрсөтүлгөн. Аны менен бирге бардык талапкерлер үчүн милдеттүү түрдө кыргыз тилин билүү тести киргизилип, жыйынтыгында 19 талапкердин 12си шайлоого катышуудан четтетилген. Булардан сырткары шайлоого катышууну көздөгөн үч негизги саясатчынын үстүнөн кылмыш иши козголуп, Ф. Кулов 7, Т. Тургуналиев 16 жылга эркинен ажыратылса, Д. Үсөнов эки жылга шарттуу кесилип, шайлоого катыша алган эмес. 29-октябрда өткөн шайлоонун расмий маалыматы боюнча А. Акаев 74,47 % добуш алган, бирок [[Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму]]нун баяндамасында шайлоо ачык-айкын жана таза жүрбөгөнү айтылган. 2001-жылы өткөн конституциялык өзгөрүүлөр боюнча кыргыз тилине – мамлекеттик, орус тилине – расмий тил статусу берилген. Ошондой эле президент [[Улуттук коопсуздук кызматы]]н түзүү жана жоюу укугуна ээ болгон жана өлкө бир мандаттуу округдан шайлана турган бир палаталуу парламенттик системага кайтып келген. 1992-жылы Кыргыз жана [[Кытай Эл]] республикаларынын ортолорунда чек араны делимитациялоо иши жанданып, 1999-жылы 26-августта Бишкекте [[Үзөңгү-Кууш]] боюнча кошумча макулдашууга кол коюлган. [[Жогорку Кеңеш]] 2002-жылы 17-майда эл өкүлдөр жыйыны ал макулдашууну колдоп, саналуу гана депутаттар каршы болгон. Натыйжада өлкөдө нааразылыктар күчөп, бул макулдашууга каршы чыккан депутат А. Бекназаров камакка алынган. 2002-жылы кыш, жаз айларында Кыргызстандын түштүгүндө аны менен Ф. Куловдун бошотулушун талап кылган митингдер башталган. 2002-жылдын 17-мартта [[Жалал-Абад облусу]]нун [[Аксы району]]нда жөө жүрүшкө чыккан эл менен милиция кагылышканда 5 адам каза болуп, 90дон ашык адам жаракат алган (кара: [[Аксы окуясы]]). Анын натыйжасында массалык нааразылыктар күчөп, 12-майда Кыргызстандын бир катар аймактарында мөөнөтсүз акциялар башталган жана кырдаалды жөнгө сала алган жок деген күнөө менен премьер-министр К. [[Бакиев]] кызматтан алынган. Бийликтин карапайым калк менен каршылашы, ошондой эле Б[[үт дүйнөлүк валюта фонду]] же ар кайсы өнүккөн мамлекеттен алган карыздардын 2 млрд. доллардан ашып кетиши өлкөдөгү социалдык‑экономикалык абалды ого бетер татаалдаткан. Айрым массалык маалымат каражаттары (мис., «Агым», «Республика», «Независимая газета» ж.б.) А. Акаев Манастагы америкалык аскер базаларын (Aalam Services, Manas International) күйүүчү май менен камсыздоого анын үй-бүлөсүнүн (мис., күйөө баласы А. Тойгонбаев) тиешеси бар экенин мойнуна алганын кабарлаган. Келерки шайлоого даярдык иретинде 2003-жылы 7-сентябрда президентти колдой турган бир нече партия (мис., «Жаңы заман», «Манас эл» ж.б.) биригип, «Алга, Кыргызстан» партиясын түзүшкөн. Ушундай кырдаалда 2005-жылы 27-февралда Жогорку Кеңешке жаңы шайлоо өтүп, эртеси күнү БШК Кыргызстандагы 75 шайлоо округунан депутаттыкка 32 кандидат, негизинен соода же жеке ишкананын ээлери, алардын бири А. Акаевдин уулу Айдар Акаев шайланганын жарыялаган. КМШдан келген байкоочулар бул шайлоо мыйзамдуу, эркин жана ачык өткөнүн белгилешсе, эл аралык башка байкоочулар аны ЕККУнун милдеттенмеси, ошондой эле башка дүйнөлүк стандартка туура келбей турганын билдиришкен. Натыйжада шайлоонун бул жыйынтыгы массалык баш аламандык жаратып, Жалал-Абад, Ош облустарында, кийинчерээк [[Кочкор району]], анан Бишкек шаарында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митингдер башталган. Көп өтпөй нааразылыктар күчөп, аларга А. Акаевди кызматтан кеттирүү талабы кошулган. 2005-жылы 13-мартта шайлоонун экинчи айлампасы өтүп, анын жыйынтыгы боюнча А. Акаевдин уул, кызы Айдар менен Бермет Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып, оппозициядан беш гана өкүл мандат алып калган. ЕККУнун байкоочулары тараткан билдирүүдө одоно мыйзам бузуулар кайрадан аныкталганы айтылган. 22-мартта Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын депутаттарынын алдында А. Акаев кыргыз оппозициясы тарабынан уюштурулган элдик толкундоолорду мамлекеттик төңкөрүш катары баалап, бирок өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилбей турганын белгилеген. 24-мартта борбор калаанын Ала-Тоо аянтында оппозициячылар кезектеги митингин өткөрүп, ага чогулгандар көбөйүп отуруп, түштөн кийинки маалда өкмөт үйүн басып алышкан. А. Акаев Казакстанга качууга аргасыз болуп, 24-марттан 25-мартка караган жана андан кийинки түнү да борбор шаар таланып-тоноолууга дуушар болгон. Көп өтпөй [[Москва шаары]]на барып, 2005-жылы 5-апрелде А. Акаев президенттик кызматтан өз эрки менен баш тартканын билдирип, ал тууралуу арызына кол койгон. 2005-жылдан Москва шаарында жашайт жана илимий иштердин үстүндө иштеп, 2008-жылдан Санкт-Петербург шаарындагы мамлекеттик экономика университетинде Россиянын экономикалык өнүгүү процесстерин фундаменталдык изилдөө борборунун илимий директорулугуна дайындалган. Мындан тышкары Москва мамлекеттик университетинин комплекстүү системаларды математикалык изилдөө институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, Россия илимдер академиясынын Борбордук экономика жана математика институтунун башкы илимий кызматкери, туруктуулукту жана тобокелдиктерди изилдөө борборунун илимий директору сыяктуу кызматтарды аткарат. Илимпоз катары ал эсептегич техникаларды жана кванттык радиофизика жаатындагы маселелерди чечүүгө арналган жаңы илимий багыттын – оптикалык эсептөө техника тармагын негиздегендердин бири. Аскар Акаев 200дөн ашык илимий эмгек, анын ичинде 16 монографиянын автору. Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын (2001), [[М. В. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университети]]нин (2003), Санкт-Петербург шаарындагы так механика жана оптика институтунун (2004) ж.б. ардактуу доктору. Эл аралык Дж. Неру атындагы биримдик фондусунун (1995), Улуу Петр (Россия Федерациясы) ж. б. эл аралык сыйлыктардын лауреаты. Альберт Эйнштейн атындагы (АКШ), Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалдары менен сыйланган. | |||
Эмг.: Когерентные оптические вычислительные машины. Л., 1977; Памятное десятилетие. Б., 2001; Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» эпосу. Б., 2002. | Эмг.: Когерентные оптические вычислительные машины. Л., 1977; Памятное десятилетие. Б., 2001; Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» эпосу. Б., 2002. |
11:42, 27 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку версиясы
- АКАЕВ Аскар (10. 11. 1944, Кыргыз ССРи, Чүй облусу, Кемин району, Кызыл‑Байрак айылы) – техника илимдеринин доктору (1981), профессор (1983), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1987), Россия ИАнын анык мүчөсү (2006). Кыргыз Республикасынын Президенти (27. 10. 1990–5. 04. 2005), Убактылуу өкмөттүн 12. 08. 2010-жылдагы декрети менен өлкөнүн экс-президенти жана кол тийбестик статусунан ажыратылган.
- 1961-жылы орто мектепти алтын медаль менен аяктагандан кийин «Фрунземаш» автомобиль жыйноочу заводдо слесарь болуп иштеген. Ошол эле учурда Фрунзе шаарындагы политехника институтунун (азыркы И. Раззаков Кыргыз Техникалык университети) механика факультетине кирип, бир жылга жетпеген убакыт сырттан окуган. 1962-жылы РСФСРдин Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарындагы так механика жана оптика институтуна кирип, аны 1967-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1967–1971-жылдары ошол эле институтта улук лаборант, инженер болуп иштеп, аспирантураны аяктаган. 1972–1988‑жылдары Фрунзе шаардык политехника институтунда кенже ассистент, инженер, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. 1977-жылы электрондук-эсептөөчү машиналарды жылытуу маселелери боюнча математикалык изилдөөлөрү үчүн илим жана техника тармагындагы Кыргызстан Ленин комсомолунун сыйлыгы ыйгарылган. А. Акаевдин демилгеси боюнча 1978-жылы Политехникалык институтта электрондук эсептөө машиналар кафедрасы түзүлүп, 1981-жылы «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. КПССтин (1981–1991), КПСС БКнын (1990–1991) мүчөсү, 1986–87‑жылдары Кыргызстан КП БКнын мүчөсү, илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн жетекчиси, 1987‑жылы Кыргыз ССР ИАнын вице‑президенти, 1989-жылдан анын президенти. 1989-жылы Ноокат районунун (Ош облусу) атынан СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланып, кийин СССР Жогорку Советинин Улуттар палатасы жана экономикалык реформа боюнча комитетке мүчө болгон. 1980-жылдардын аяк ченинде ар кыл объективдүү жана субъективдүү себептерге ылайык СССРде экономикалык кризистер (бул доор «сенек мезгил» деген ат менен белгилүү болгон) орун алып, анын натыйжасында союздук республикалардын саясий көз карандысыздыкка умтула башташы коомдук карама-каршылыктардын кескин курчушуна алып келген. 1990-жылы бардык союздук республикалар өз өлкөсүндө кабыл алынган закондордун артыкчылыгын белгилөө менен мамлекеттик эгемендүүлүк тууралуу декларация кабыл алууга киришишкен. Мындай кырдаалда Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин 1990‑жылы 27‑октябрда өткөн сессиясы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу президенттикке А. Акаевди шайлаган. 1991-жылы 19–22-августта Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитет (ГКЧП) уюштурган төңкөрүштү колдоодон баш тартып, Коммунисттик партияны жоюуну жактагандарды колдоп чыккан. 1991-жылы 20-августтан 27-октябрга чейин 11 республика, алардын ичинде Кыргыз Республикасы да өзүнүн көз каранды эместигин жарыялап, анын негизинде 1991‑жылы 12‑октябрда өткөрүлгөн жалпы элдик шайлоодо 95, 33 % добуш менен А. Акаев кайрадан президент болуп калган. 1991-жылы 21-декабрда Литва, Латвия, Эстония, Грузиядан тышкары мурдагы 11 союздук республикалардын президенттери менен бирге Алма-Ата шаарында (Казакстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигин (КМШ) түзүүгө, ошондой эле 1992-жылы 2-мартта Кыргызстанды Бириккен Улуттар уюмуна (БУУ) кабыл алууга жана БУУнун штаб-квартирасына жакын жерде Кыргызстандын желегин көтөрүү салтанаты ж.б. сыяктуу иштерге катышкан. Мамлекеттик бийликти закон чыгаруу жана аны аткарууга негизделген принциптер ишке ашырылып, ошондой эле плюрализм, көп партиялуулуктун системасына өтүү жолу белгиленген. 1992-жылы февралда мамлекеттик аппаратты жойгон (министрлик жана мекеме кызматчыларынын саны эки эсе азайган) жана премьер-министрди вице-премьер-министрликке коюп, 1993-жылдын май айына чейин Кыргыз өкмөтүн өзү жетектеген. 1992-жылы сентябрь айында бааларды либералдаштыруу, мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү ишке ашырыла баштаган. Көз карандысыз мамлекет болуп жарыялагандан кийин Кыргызстанда өз кен байлыктарын иштетүү үчүн чет элдик инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүнө жеткен. 1991-жылдын февраль айынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү СССРдин Баалуу металл жана алмаздарды конструкторлоо, долбоорлоо илимий-изилдөө институтунун («Гиналмаззолото») сунушу менен Кумтөр кенин иштетүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган. 1991-жылы 2-декабрда «Сиабеко-Кыргызстан» акционердик коому түзүлүп, анын жардамы менен эч кандай конкурс жүргүзүлбөй, 1992-жылы 4-декабрда Торонто шаарында (Канада) Кыргыз Өкмөтү жана «Камеко» (Cameco) корпорациясынын ортосунда «Кумтөралтын» долбоору боюнча Башкы макулдашууга кол коюлган. 1993-жылы «Кумтөр Оперейтинг Компани» түзүлүп, аны менен бирге Кыргызстандын алтын запастарын жана алтынды сатуудан түшкөн чет элдик валютаны мыйзамсыз айландыруунун айрым фактылар ачыкка чыккан. Депутаттык атайын комиссия түзүлүп, текшерүүдө мамлекеттик жооптуу органдардын уюштуруу ишинде, айрым кызмат адамдарынын шалаакылыгы, анын ичинде чет өлкөлүк фирмалар менен чарбалык келишимдерди түзүүдө одоно кемчиликтери жол берилгендиги аныкталган. Башкы прокуратура тарабынан кылмыш ишин козголуп, 1993-жылы декабрда премьер-министр Т. Чынгышев кызматынан алынган. 1994-жылы «Кыргызстан элдеринин ассамблеясы» түзүлгөн. Ушул эле жылы Конституцияга өзгөрүүлөр киргизилип, ага ылайык парламент мөөнөтүнөн мурда таратылган жана мыйзам чыгаруу жыйыны – 35, эл өкүлдөр жыйыны – 70 депутаттан турган эки палаталуу парламентке айланган. 1993-жылы октябрда президент Б. Ельцин менен Россия Федерациясынын Жогорку Советинин ортосундагы куралдуу жаңжалда орус президентин колдоп чыккан. А. Акаев президент болуп турган мезгилде КМШ өлкөлөрүнөн биринчи болуп Кыргызстанда улуттук валюта – сом киргизилип (1993), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон (1998). БУУнун колдоосу алдында «Манас‑1000», «Ош‑3000», Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы белгиленген. Ички саясатта «европалык типтеги демократияны» өнүктүрүп, Кыргызстанды Борбордук Азиядагы «Швейцарияга» кылуу ниетин жарыялаган. Орус тилдүү калктын эмиграциясын токтотуу аракетинде Кыргыз-Орус Славян университети ачылган. 1995-жылы 24-декабрда Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо өтүп, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) тарабынан добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы чыга электе өлкө башчысынын басма сөз кызматы А. Акаев экинчи мөөнөткө шайланганын, ага 70 %тен ашык шайлоочулар ишеним көрсөткөнүн жарыялашкан. Мындай көрүнүштөрдөн кийин оппозициялык кыймылдын айрым мүчөлөрү (мис., Т. Тургуналиев, Д. Үсөнов ж.б.) өлкө авторитардык жолго түшүп бара жатканын эскертишкен. 1996-жылы Конституцияга кайрадан өзгөрүүлөр киргизилип, ал боюнча А. Акаев өкмөт мүчөлөрүн, жергиликтүү администрациянын жетекчилерин жана элчилерди дайындоо укугун алган. Иш жүзүндө аткаруу бийлиги президентке көз каранды болуп, депутаттар өкмөттү кетире албай калган, бирок премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү укугуна ээ болгон. Ушундай шартта Кыргызстан коммунисттери, «Ар-Намыс», Кыргызстан Демократиялык Кыймылы (КДК), «Ата-Мекен», «Бей-Бечара» ж.б. сыяктуу бир нече оппозициялык партиялар түзүлгөн. Өлкөнүн Конституциясына ылайык Президенттикке шайланууга эки жолку мөөнөткө гана укук берилгенине карабай, 1998-жылы жазында «Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын» атынан кийинки президенттик шайлоого А. Акаевди катыштыруу тууралуу Конституциялык сотко кайрылуу жолдонгон. Ошол эле жылдын июль айында ага үчүнчү мөөнөткө шайланууга уруксат берилип, 2000-жылы өтө турган шайлоого кайрадан талапкерлиги көрсөтүлгөн. Аны менен бирге бардык талапкерлер үчүн милдеттүү түрдө кыргыз тилин билүү тести киргизилип, жыйынтыгында 19 талапкердин 12си шайлоого катышуудан четтетилген. Булардан сырткары шайлоого катышууну көздөгөн үч негизги саясатчынын үстүнөн кылмыш иши козголуп, Ф. Кулов 7, Т. Тургуналиев 16 жылга эркинен ажыратылса, Д. Үсөнов эки жылга шарттуу кесилип, шайлоого катыша алган эмес. 29-октябрда өткөн шайлоонун расмий маалыматы боюнча А. Акаев 74,47 % добуш алган, бирок Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун баяндамасында шайлоо ачык-айкын жана таза жүрбөгөнү айтылган. 2001-жылы өткөн конституциялык өзгөрүүлөр боюнча кыргыз тилине – мамлекеттик, орус тилине – расмий тил статусу берилген. Ошондой эле президент Улуттук коопсуздук кызматын түзүү жана жоюу укугуна ээ болгон жана өлкө бир мандаттуу округдан шайлана турган бир палаталуу парламенттик системага кайтып келген. 1992-жылы Кыргыз жана Кытай Эл республикаларынын ортолорунда чек араны делимитациялоо иши жанданып, 1999-жылы 26-августта Бишкекте Үзөңгү-Кууш боюнча кошумча макулдашууга кол коюлган. Жогорку Кеңеш 2002-жылы 17-майда эл өкүлдөр жыйыны ал макулдашууну колдоп, саналуу гана депутаттар каршы болгон. Натыйжада өлкөдө нааразылыктар күчөп, бул макулдашууга каршы чыккан депутат А. Бекназаров камакка алынган. 2002-жылы кыш, жаз айларында Кыргызстандын түштүгүндө аны менен Ф. Куловдун бошотулушун талап кылган митингдер башталган. 2002-жылдын 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жөө жүрүшкө чыккан эл менен милиция кагылышканда 5 адам каза болуп, 90дон ашык адам жаракат алган (кара: Аксы окуясы). Анын натыйжасында массалык нааразылыктар күчөп, 12-майда Кыргызстандын бир катар аймактарында мөөнөтсүз акциялар башталган жана кырдаалды жөнгө сала алган жок деген күнөө менен премьер-министр К. Бакиев кызматтан алынган. Бийликтин карапайым калк менен каршылашы, ошондой эле Бүт дүйнөлүк валюта фонду же ар кайсы өнүккөн мамлекеттен алган карыздардын 2 млрд. доллардан ашып кетиши өлкөдөгү социалдык‑экономикалык абалды ого бетер татаалдаткан. Айрым массалык маалымат каражаттары (мис., «Агым», «Республика», «Независимая газета» ж.б.) А. Акаев Манастагы америкалык аскер базаларын (Aalam Services, Manas International) күйүүчү май менен камсыздоого анын үй-бүлөсүнүн (мис., күйөө баласы А. Тойгонбаев) тиешеси бар экенин мойнуна алганын кабарлаган. Келерки шайлоого даярдык иретинде 2003-жылы 7-сентябрда президентти колдой турган бир нече партия (мис., «Жаңы заман», «Манас эл» ж.б.) биригип, «Алга, Кыргызстан» партиясын түзүшкөн. Ушундай кырдаалда 2005-жылы 27-февралда Жогорку Кеңешке жаңы шайлоо өтүп, эртеси күнү БШК Кыргызстандагы 75 шайлоо округунан депутаттыкка 32 кандидат, негизинен соода же жеке ишкананын ээлери, алардын бири А. Акаевдин уулу Айдар Акаев шайланганын жарыялаган. КМШдан келген байкоочулар бул шайлоо мыйзамдуу, эркин жана ачык өткөнүн белгилешсе, эл аралык башка байкоочулар аны ЕККУнун милдеттенмеси, ошондой эле башка дүйнөлүк стандартка туура келбей турганын билдиришкен. Натыйжада шайлоонун бул жыйынтыгы массалык баш аламандык жаратып, Жалал-Абад, Ош облустарында, кийинчерээк Кочкор району, анан Бишкек шаарында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митингдер башталган. Көп өтпөй нааразылыктар күчөп, аларга А. Акаевди кызматтан кеттирүү талабы кошулган. 2005-жылы 13-мартта шайлоонун экинчи айлампасы өтүп, анын жыйынтыгы боюнча А. Акаевдин уул, кызы Айдар менен Бермет Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып, оппозициядан беш гана өкүл мандат алып калган. ЕККУнун байкоочулары тараткан билдирүүдө одоно мыйзам бузуулар кайрадан аныкталганы айтылган. 22-мартта Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын депутаттарынын алдында А. Акаев кыргыз оппозициясы тарабынан уюштурулган элдик толкундоолорду мамлекеттик төңкөрүш катары баалап, бирок өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилбей турганын белгилеген. 24-мартта борбор калаанын Ала-Тоо аянтында оппозициячылар кезектеги митингин өткөрүп, ага чогулгандар көбөйүп отуруп, түштөн кийинки маалда өкмөт үйүн басып алышкан. А. Акаев Казакстанга качууга аргасыз болуп, 24-марттан 25-мартка караган жана андан кийинки түнү да борбор шаар таланып-тоноолууга дуушар болгон. Көп өтпөй Москва шаарына барып, 2005-жылы 5-апрелде А. Акаев президенттик кызматтан өз эрки менен баш тартканын билдирип, ал тууралуу арызына кол койгон. 2005-жылдан Москва шаарында жашайт жана илимий иштердин үстүндө иштеп, 2008-жылдан Санкт-Петербург шаарындагы мамлекеттик экономика университетинде Россиянын экономикалык өнүгүү процесстерин фундаменталдык изилдөө борборунун илимий директорулугуна дайындалган. Мындан тышкары Москва мамлекеттик университетинин комплекстүү системаларды математикалык изилдөө институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, Россия илимдер академиясынын Борбордук экономика жана математика институтунун башкы илимий кызматкери, туруктуулукту жана тобокелдиктерди изилдөө борборунун илимий директору сыяктуу кызматтарды аткарат. Илимпоз катары ал эсептегич техникаларды жана кванттык радиофизика жаатындагы маселелерди чечүүгө арналган жаңы илимий багыттын – оптикалык эсептөө техника тармагын негиздегендердин бири. Аскар Акаев 200дөн ашык илимий эмгек, анын ичинде 16 монографиянын автору. Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын (2001), М. В. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин (2003), Санкт-Петербург шаарындагы так механика жана оптика институтунун (2004) ж.б. ардактуу доктору. Эл аралык Дж. Неру атындагы биримдик фондусунун (1995), Улуу Петр (Россия Федерациясы) ж. б. эл аралык сыйлыктардын лауреаты. Альберт Эйнштейн атындагы (АКШ), Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалдары менен сыйланган.
Эмг.: Когерентные оптические вычислительные машины. Л., 1977; Памятное десятилетие. Б., 2001; Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» эпосу. Б., 2002.
Ад.: Аскар Акаев. /Түзгөн жана редакциялагандар М. Эшимканов, К, Иманалиев. Б., 1993.