Difference between revisions of "ВЕРТИКОВ А. Г."
м (→top: категория кошуу) |

| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
А. Г. Вертиков1939-жылдан ата-энеси менен бирге Кыргызстанга көчүп келип, Беловодское айылында жашаган. Ал булгаары заводунда иштеген. 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. Алматы шаарындагы жаш жоокерлердин курсун бүтүргөн, андан кийин кенже командирлердин артиллериялык мектебинде окуган. 1942-жылдын декабрынан Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Борб., Брянск жана 1-Белорус фронтторунда салгылашкан. 1944-жылдын башында 4-гвардиялык атчандар дивизиясынын 11-гвардиялык Кызыл Туулуу атчандар полкунун 45 ''мм '' мылтыктын экипажын башкарган. 1944-жылдын январь айынын аягында Остражанка жана Качуры кыш-тары үчүн болгон салгылашууларда В-дун отряды 2 миномётту, ок-дары менен 3 вагонду, ашкананы жана 20дай душманды замбирек менен жок кылып, Кызыл Жылдыз орденине ээ болгон. 1944-жылдын 27-июлунда Польшанын Владава ш-н бошотууда өз экипажы менен 3 пулемёт жана душмандын 10дон ашык солдатын жарактан чыгарып, аткычтар бөлүктөрүнүн ийгиликтүү алга жылышын камсыздоо менен 3-даражадагы Даңк ордени, 1945-жылдын 27-январында Залесично жериндеги салгылашууда Вертиковдун гвардиясынын экипажы контр чабуулдун мизин кайтарып жатып, 5 атуу пунктун жана душмандын 20дай солдаты менен офицерин жок кылгандыгы үчүн 2-даражадагы Даңк ордени, 1945-жылдын 30-апрелинде Эркнер шаарын алуудагы салгылашууда эрдиги үчүн 1946-жылдын 15-майында 1-даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Ал Жеңиш майрамын Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан Германиянын Штральзунд шаарында тосуп алган. 1947-жылы демобилизацияланып, Кыргызстанга кайтып келген. Кара-Балта шаарында, андан кийин Москва районунун Полтавка айылында жашаган. | |||
[[Категория:Жаңы макалалар]] | [[Категория:Жаңы макалалар]] | ||
13:22, 9 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку версиясы
А. Г. Вертиков1939-жылдан ата-энеси менен бирге Кыргызстанга көчүп келип, Беловодское айылында жашаган. Ал булгаары заводунда иштеген. 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. Алматы шаарындагы жаш жоокерлердин курсун бүтүргөн, андан кийин кенже командирлердин артиллериялык мектебинде окуган. 1942-жылдын декабрынан Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Борб., Брянск жана 1-Белорус фронтторунда салгылашкан. 1944-жылдын башында 4-гвардиялык атчандар дивизиясынын 11-гвардиялык Кызыл Туулуу атчандар полкунун 45 мм мылтыктын экипажын башкарган. 1944-жылдын январь айынын аягында Остражанка жана Качуры кыш-тары үчүн болгон салгылашууларда В-дун отряды 2 миномётту, ок-дары менен 3 вагонду, ашкананы жана 20дай душманды замбирек менен жок кылып, Кызыл Жылдыз орденине ээ болгон. 1944-жылдын 27-июлунда Польшанын Владава ш-н бошотууда өз экипажы менен 3 пулемёт жана душмандын 10дон ашык солдатын жарактан чыгарып, аткычтар бөлүктөрүнүн ийгиликтүү алга жылышын камсыздоо менен 3-даражадагы Даңк ордени, 1945-жылдын 27-январында Залесично жериндеги салгылашууда Вертиковдун гвардиясынын экипажы контр чабуулдун мизин кайтарып жатып, 5 атуу пунктун жана душмандын 20дай солдаты менен офицерин жок кылгандыгы үчүн 2-даражадагы Даңк ордени, 1945-жылдын 30-апрелинде Эркнер шаарын алуудагы салгылашууда эрдиги үчүн 1946-жылдын 15-майында 1-даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Ал Жеңиш майрамын Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан Германиянын Штральзунд шаарында тосуп алган. 1947-жылы демобилизацияланып, Кыргызстанга кайтып келген. Кара-Балта шаарында, андан кийин Москва районунун Полтавка айылында жашаган.