Difference between revisions of "АХЕМЕНИДДЕР МАМЛЕКЕТИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

Ахемениддер династия сынын өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн, б. з. ч. 6‒4-к-да өкүм сүргөн мамлекет.

Ахеменид жоокери. Лувр (Париж). Ирандын азыркы Фарс провинциясын мекендеген перс урууларынын падышасы Кир II тарабынан негизделген. Б. з. ч. 553-ж. ал мурда баш ийип келген Мидия мамлекетине каршы аттанып, 550-ж. аны каратат. Кийинки жылы байыркы Эламдын борбору Сузы ш-н, үч жылдан кийин Кичи Азиянын облустары, Лидия падышалыгы, Армения каратылган. 545‒539-ж. аралыгында чыгыш ирандык ж-а о. азиялык өлкөлөр баш ийдирилген. 539-ж. Вавилония, андан соӊ Сирия, Палестина, Финикия кыйратылган. Кирдин уулу Камбиз IIнин тушунда Египет, Нубия ж-а Ливиянын бир бөлүгү каратылган. 519‒512-ж. Дарий I тарабынан Эгей деӊизинде ги аралдарды, Фракия, Македония ж-а Индиянын түн-батышы басып алынган. 6‒к-дын аягына карата мамлекеттин аймагы чыгыш О. Азия ж-а Инд д-нан батышта Эгей ж-а Жер Ортолук деӊизге чейин, түн. Армян тоосунан түш. Нубияга чейинки аралыкка созулган. Каратылган элдер бир нече жолу перс эзүүсүнө каршы көтөрүлүштөргө чыгышкан. 5-к-дын башында перстер гректер м-н болгон согуштарда бир катар жеӊилүүлөргө учурайт. Жарым кылымга созулган грек-перс согуштары (500‒449) А. мамлеке тинин начарлоосуна алып келген. Б. з. ч. 327-ж. Александр Македонскийдин аскерлеринин соккусу астында кыйраган.
Этностук ж-а социалдык курамы б-ча гана эмес, Ахемениддер империясынын аймактары нын өнүгүү деӊгээли да бир кылка болгон эмес. Экон. жактан өнүккөн өлкөлөр (Египет, Финикия, Вавилония, Элам ж-а Кичи Азия) м-н катар анын курамына артта калган Балкан ж. а-ндагы аймактар, көчмөн араб, скиф ж. б. уруулар да кирген. Башкаруу ж-а салык алуу системасын жөнгө салуу үчүн, б. з. ч. 519-ж. Дарий I мамлекетти 20 адм.-аймакка — сатрапияга бөлгөн. Аларды башкаруу үчүн дайындалган сатраптар — «падышачылыкты сактоочулар» башкаруу, сот, салык чогултуу иштерин жүргүзүп, сатрапиялардын коопсуздугун камсыз кылышкан. Перс адм. финикиялыктарга, Кичи Азиядагы грек шаарларына автономия беришкен, айрым өлкөлөрдө (Кипр, Финикия, Киликия) жерг. падышалардын династиялык башкаруусун, о. эле арабдардын, колхдордун, сактардын уруу башчыларынын бийлигин калтырып, ички иштерине кийлигишкен эмес. Империянын адм. борбору болгон Сузы ш-нда мамл. башкаруунун борбору аппараты жайгашып, мындан сырткары Персеполь, Вавилон, Экбатан ш. империянын борб. катарында пайдаланылган. Империядагы мамлекеттик иштер арамей тилинде, мындан сырткары расмий документтерди жазуу жерг. элдердин тилдеринде (мис., Египетте кечегипеттик, Персепольдо элам) да жүргүзүлгөн.
А. мамлекетинин армиясы (атчан ж-а жөө аскерлер) негизинен перстер ж-а мидиялыктардан турган. Ири жүрүштөргө перстердин кол алдындагы элдер белгилүү санда аскер берүүгө милдеттүү болгон. Деӊиз салгылашуулары финикиялыктардын ж-а Эгей деӊизинин аралдарынын жашоочуларынын жардамы м-н жүргүзүлгөн. Басып алган аймактарда көтөрүлүштөргө жол бербөө үчүн аскер гарнизондору жайгаштырылган.
Ахемениддер доорунда искусствонун, архитек туранын көптөгөн шедеврлери жаралган. Алтындан жасалган асем буюмдар, пил сөөгүнөн жасалган ритондор, темир вазалар ж-а идиштер, лазуриттен жасалган скульптуралык чыгармалар кеӊири тараган. Пасаргада ж-а Персеполдогу падышалык сарайлар перс архитекту расынын көрүнүктүү эстеликтери болуп саналат.
Ад: Дьяконов М. М. Очерки истории древнего Ирана. М., 1961; Дандамаев М. А., Луконин В. Г., Культура и экономика древнего Ирана. М., 1980; Дандамаев М. А. Политическая история Ахеменидской державы. М., 1985.