Difference between revisions of "АТЧАНДАР АРМИЯСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
556-684>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ граждандык согуш мезгилиндеги (1917‒22) Кызыл Армиянын ка
валериясынын оперативдүү эӊ ири бирикмелери. 1-А. а. (1919-ж. ноябрь ‒ 1923-ж. окт., командачысы С. М. Будённый) 1919‒20-ж. А. И. Деникиндин, П. Н. Врангелдин аскерлерине каршы операцияларга, сов.-польшалык согуштарга катышкан. 1-А. а-нын катарында кийин көрүнүктүү сов. аскер башчылары болгон С. К. Тимошенко, А. В. Хрулев, О. И. Городовиков, И. В. Тюленев, И. Х. Баграмян, К. С. Москаленко, А. А. Гречко кызмат кылган; 2-А. а. (1920-ж. июль ‒ дек., командачысы О. И. Городовиков, кийинчерээк Ф. К. Миронов) Врангелдин аскерлерине каршы согушкан. А. а. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде да массалык баатырлык көрсөткөн, ага «Гвардия» деген наам берилген. Армиянын татаал согуш техникасы м-н жабдылышы А. а-нын жоюлушун шарттады.