Difference between revisions of "БАКАЕВ Аширбек Бешкемпирович"
м (Dilde moved page БАКАЕВ to БАКАЕВ Аширбек Бешкемпирович) |
|
(Айырма жок)
| |
09:44, 28 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы
БАКАЕВ Аширбек Бешкемпир уулу (20. 12. 1948-ж.т., Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Таш-Дөбө айылы) – генерал-майор (2000). СССР ИИМдин Орджоникидзе аскердик-командалык окуу жайын (1970), Целиноград мамл. пед. инс-тунун фил. фак-тин (1985), КУУнун юрид. фак-тин (1999) бүткөн. Степногорск шаардык аскер бөлүгүндө взвод командири (1970), Алматы обл. аскер бөлүгүндө рота командиринин орун басары (1973), командири (1975), Атырау шаардык аскер бөлүгүндө рота командири (1976), Акмола обл. аскер бөлүгүндө батальон командири (1981), Астана шаардык аскер бөлүгүндө полк командиринин 1-орун басары (1984), Афганистанда Революцияны коргоо Башкы башкармалыгында аскер кеңешчиси (1987–88), Алматы шаардык аскер бөлүгүндө Башкы полктун командиринин 1-орун басары – штаб начальниги (1988), командири (1991), Казакстандын ички аскерлеринин Башкы штабынын начальнигинин орун басары (1993), Казакстан Президентинин Респ. гвардиясынын штаб начальниги (1994), КР ИИМдин Ички аскерлер командачысынын биринчи орун басары – штаб начальниги (1995), Баткен, Жалал-Абад, Ош обл-тарында аскер бөлүктөрүндө 3-бригаданын командири (1997), КР ИИМдин Ички аскерлер командачысы (1999–2008) болуп иштеген. О. Азия жана Казакстан офицерлеринин Афганистандагы биримдигинин төрагасы (1987–88); Аскердик кеңештин төрагасы (1999–2008); 1999-ж. ал жетектеген ички аскерлердин «Шер» отряды Баткен аймагында эл аралык террористтик топтордон коргоодо ийгиликке жетишкен. 2000, 2005, 2006-ж. Куралдуу Күчтөр курамында террористтик топторду жок кылуу б-ча согуштук операцияларга катышкан. Алматы шаардык кеңешинин депутаты (1990–93); КР Өкмөтүнүн Алтын Дипломунун лауреаты (2003). 1-даражадагы «Алтын Жылдыз», «Улуу Пётр», «Александр Невский», 1-2-3-даражадагы «За службу Родине в ВС СССР», «За заслуги перед Отечеством», «Афганская Слава» ордендери жана «Эрдик», эл аралык «Ататюрк» фондунун «Алтын жылдыз» медалдары менен сыйланган.