Difference between revisions of "«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ''' – төкмө акындардын чыгармачылыгын кол­доо максатында түзүлгөн мекеме. Кинорежиссер Садык Шер Нияз тарабынан негизделген (2001). 2004–20-жылдары фондду төкмө акын Э. Иманалиев же­тектеген. Фонд Кыргыз Республикасынын эл артисттери, акындар А. ''Айталиевдин'' | '''«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ''' – төкмө акындардын чыгармачылыгын кол­доо максатында түзүлгөн мекеме. Кинорежиссер Садык Шер Нияз тарабынан негизделген (2001). 2004–20-жылдары фондду төкмө акын Э. Иманалиев же­тектеген. Фонд Кыргыз Республикасынын эл артисттери, акындар А. ''Айталиевдин'' жанa Т. ''Абдиевдин'' айтыш мек­тебинин түптөлүшүнө, азыркы төкмө акындардын республикалык, эл ­аралык айтыштарга жигердүү катышуусуна өбөлгө түзүүдө. Фонддун колдоосу <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> «Ак таң­дайлар» аттуу китеп жарык көргөн (2003), ошондой эле республикалык айтыштардын видео, аудио кассета, компакт-дискеттери чыгарылды, үч тилде (кыргызча, орусча, англисче) өз алдынча Интернет сайт (www/aitysh/kg) ачылды (2004). «Калемгер» ада­бий клубу негизделип, КТРКнын «Айтыш», «Че­чен айтыш», «Бетме‑бет», "Төкмө келсе төр бошот", "Айтыш төр" телекөрсөтүүлөрүндө акындардын айтышы эл сыноосуна коюлуп турат. 2021–22-жылдары М. Самыйкожо жана А. Маратовдор теңтөрагалыкта кызмат өтөшкөн. Учурда бул коомдук фонддун төрагасы А. Маратов.<br> |
10:00, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -деги абалы
«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ – төкмө акындардын чыгармачылыгын колдоо максатында түзүлгөн мекеме. Кинорежиссер Садык Шер Нияз тарабынан негизделген (2001). 2004–20-жылдары фондду төкмө акын Э. Иманалиев жетектеген. Фонд Кыргыз Республикасынын эл артисттери, акындар А. Айталиевдин жанa Т. Абдиевдин айтыш мектебинин түптөлүшүнө, азыркы төкмө акындардын республикалык, эл аралык айтыштарга жигердүү катышуусуна өбөлгө түзүүдө. Фонддун колдоосу менен «Ак таңдайлар» аттуу китеп жарык көргөн (2003), ошондой эле республикалык айтыштардын видео, аудио кассета, компакт-дискеттери чыгарылды, үч тилде (кыргызча, орусча, англисче) өз алдынча Интернет сайт (www/aitysh/kg) ачылды (2004). «Калемгер» адабий клубу негизделип, КТРКнын «Айтыш», «Чечен айтыш», «Бетме‑бет», "Төкмө келсе төр бошот", "Айтыш төр" телекөрсөтүүлөрүндө акындардын айтышы эл сыноосуна коюлуп турат. 2021–22-жылдары М. Самыйкожо жана А. Маратовдор теңтөрагалыкта кызмат өтөшкөн. Учурда бул коомдук фонддун төрагасы А. Маратов.