Difference between revisions of "АРКА кыштагы"
Jump to navigation
Jump to search
м (Begay moved page АРКА 1 to АРКА кыштагы) |
|
(Айырма жок)
|
10:24, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -деги абалы
АРКА – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу. «Кайрак-Кум» суу сактагычынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Райондун борбору Раззаков шаарынан 80 км түндүк тарапта. Ленинабад (Тажикстан) темир жол бекетинен 20 км. 1955-ж. отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 405 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2645 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, 2 китепкана, 2 медпункт, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.