Difference between revisions of "АККУМУЛЯЦИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АККУМУЛЯЦИЯ''' (лат. ''accum.ula.tio'' – чогултуу, топтоо) геологияда – геологиялык процесстердин таасиринен талкаланган тоотектердин жана ми­нералдык заттардын, органикалык калдыктардын жер ­бетине же деңиз, көл, суу түптөрүнө топтолу­шу. Алардан кийин ''диагенездин'' натыйжасын­да катуу чөкмө тектер пайда болот. Аккумуляциянын жа­нартоо жана чөкмө (седиментация) деген негизги 2 түрү бар. Чөкмөлөрдүн деңиз түбүндө топтолу­шун субаквалдык | '''АККУМУЛЯЦИЯ''' (лат. ''accum.ula.tio'' – чогултуу, топтоо) геологияда – геологиялык процесстердин таасиринен талкаланган тоотектердин жана ми­нералдык заттардын, органикалык калдыктардын жер ­бетине же деңиз, көл, суу түптөрүнө топтолу­шу. Алардан кийин ''диагенездин'' натыйжасын­да катуу чөкмө тектер пайда болот. Аккумуляциянын жа­нартоо жана чөкмө (седиментация) деген негизги 2 түрү бар. Чөкмөлөрдүн деңиз түбүндө топтолу­шун субаквалдык аккумуляция, кургактагысын субаэрал­дык аккумуляция деп аташат. Аккумуляциянын топтолуу орундары менен пайда болуу себептерине байланыштуу де­ңиз, көл, өзөн, шамал, мөңгү, органоген аккумуляциясы болуп бир нечеге бөлүнөт. Аккумуляциянын натыйжасын­да аккумуляциялык рельеф пайда болот.

13:57, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АККУМУЛЯЦИЯ (лат. accum.ula.tio – чогултуу, топтоо) геологияда – геологиялык процесстердин таасиринен талкаланган тоотектердин жана минералдык заттардын, органикалык калдыктардын жер бетине же деңиз, көл, суу түптөрүнө топтолушу. Алардан кийин диагенездин натыйжасында катуу чөкмө тектер пайда болот. Аккумуляциянын жанартоо жана чөкмө (седиментация) деген негизги 2 түрү бар. Чөкмөлөрдүн деңиз түбүндө топтолушун субаквалдык аккумуляция, кургактагысын субаэралдык аккумуляция деп аташат. Аккумуляциянын топтолуу орундары менен пайда болуу себептерине байланыштуу деңиз, көл, өзөн, шамал, мөңгү, органоген аккумуляциясы болуп бир нечеге бөлүнөт. Аккумуляциянын натыйжасында аккумуляциялык рельеф пайда болот.