Difference between revisions of "АККУЛЬТУРАЦИЯ"
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АККУЛЬТУРАЦИЯ''' (англ. acculturation, лат. cultura – билим, өнүгүү) – адатта, калктардын маданияттарынын бири‑бирине өз ара таасир этүү процесси; бир элдин маданиятын башка бир элдин бүтүндөй же жарым‑жартылай кабыл алышы. Аккультурациянын төмөндөгүдөй түрлөрү кездешет: 1) жеке адамдардын же топтордун башка мада­ний чөйрөгө ыкташы; 2) коңшу жашаган түрдүү маданий чөйрөлөрдүн бири‑бирине тийгизген таасири; 3) калкынын саны басымдуу, маданий салттары күчтүү элдин майда элдерге тийгизген таасиринен ал элдин маданиятынын өзгөрүүсү. Аккультурациянын натыйжасында жаңы улуттар, маданий системалар пайда болгон. Бул процесс байыр­кы доордон бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. Аккультурация айрыкча, улуу географиялык ачылыштардан кийин ургалдуу жүргөн. Мисалы, Америка конти­нентинин элинин басымдуу бөлүгү | '''АККУЛЬТУРАЦИЯ''' (англ. acculturation, лат. cultura – билим, өнүгүү) – адатта, калктардын маданияттарынын бири‑бирине өз ара таасир этүү процесси; бир элдин маданиятын башка бир элдин бүтүндөй же жарым‑жартылай кабыл алышы. Аккультурациянын төмөндөгүдөй түрлөрү кездешет: 1) жеке адамдардын же топтордун башка мада­ний чөйрөгө ыкташы; 2) коңшу жашаган түрдүү маданий чөйрөлөрдүн бири‑бирине тийгизген таасири; 3) калкынын саны басымдуу, маданий салттары күчтүү элдин майда элдерге тийгизген таасиринен ал элдин маданиятынын өзгөрүүсү. Аккультурациянын натыйжасында жаңы улуттар, маданий системалар пайда болгон. Бул процесс байыр­кы доордон бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. Аккультурация айрыкча, улуу географиялык ачылыштардан кийин ургалдуу жүргөн. Мисалы, Америка конти­нентинин элинин басымдуу бөлүгү аккультурациянын на­тыйжасы. «Аккультурация» термини бара‑бара колдонулбай, анын ордуна «маданий гибриддешүү», «поли­культурализм», «маргинализация» ж. б. <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> ал­машылууда.<br>''А.Көчкүнов.''<br> | ||
12:44, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АККУЛЬТУРАЦИЯ (англ. acculturation, лат. cultura – билим, өнүгүү) – адатта, калктардын маданияттарынын бири‑бирине өз ара таасир этүү процесси; бир элдин маданиятын башка бир элдин бүтүндөй же жарым‑жартылай кабыл алышы. Аккультурациянын төмөндөгүдөй түрлөрү кездешет: 1) жеке адамдардын же топтордун башка маданий чөйрөгө ыкташы; 2) коңшу жашаган түрдүү маданий чөйрөлөрдүн бири‑бирине тийгизген таасири; 3) калкынын саны басымдуу, маданий салттары күчтүү элдин майда элдерге тийгизген таасиринен ал элдин маданиятынын өзгөрүүсү. Аккультурациянын натыйжасында жаңы улуттар, маданий системалар пайда болгон. Бул процесс байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. Аккультурация айрыкча, улуу географиялык ачылыштардан кийин ургалдуу жүргөн. Мисалы, Америка континентинин элинин басымдуу бөлүгү аккультурациянын натыйжасы. «Аккультурация» термини бара‑бара колдонулбай, анын ордуна «маданий гибриддешүү», «поликультурализм», «маргинализация» ж. б. менен алмашылууда.
А.Көчкүнов.