Difference between revisions of "АПЕННИН ЖАРЫМ АРАЛЫ"
м (→top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) |
м (Begay moved page АПЕННЙН ЖАРЫМ АРАЛЫ to АПЕННИН ЖАРЫМ АРАЛЫ) |
(Айырма жок)
|
11:43, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АПЕННИН ЖАРЫМ АРАЛЫ Түш. Европада. Анда негизинен (аймагынын Vs1) Италия,о. эле Ватикан жана Сан-Марино мамлекеттери жайгашкан. Аянты 149 миң км2. Жер Ортолук деңизге 1100 км кирип, Тиррен, Иония, Лигурия жана Адрия деңиздери менен чулганат. Жээктеринде булуң-буйтка аз, түш. бөлүгүндө гана Калабрия, Салентина, Гаргано ж. а., Таранто булуңу ж. б. бар. А. ж. а-н дээрлик Апеннин тоолору (эң бийик жери 2914 м, Корно чокусу) ээлейт, түндүгүндө Падан түздүгүнүн бир бөлүгү, чыгыш жана батыш жээктеринде анча чоң эмес дөбөлүү түздүк тилкеси жайгашкан. Түш.-батышында жанар тоолор (Везувий, Флегрей талаасы ж. б.) бар. Климаты субтропиктик жер ортолук деңиздик; жайы ысык, кышы мелүүн. Дарыялары (негизгилери – Тибр, Арно) кыска,жайында суусу өтө азаят. Жер Ортолук деңиздик бадал (маквис, гарига) жана токой өсөт. Түздүктөр менен тоо этектеринде маданий ландшафт басымдуу.