Difference between revisions of "АКРИЛ КИСЛОТАСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКРИЛ КИСЛОТАСЫ''', э т и л е н к а р б о н к и с л о т а с ы, СН<sub>2</sub>=СНСООН – бир негиздүү каныкпаган орг. | '''АКРИЛ КИСЛОТАСЫ''', э т и л е н к а р б о н к и с л о т а с ы, СН<sub>2</sub>=СНСООН – бир негиздүү каныкпаган орг.аникалык кислота. Мол. м. 72,06, кескин жыттуу, түссүз суюктук, кайноо 1141°С. Сууда, спиртте, эфирде, СНС1<sub>3</sub>тө, бензолдо эрийт. Ал оңой полимерленип, полиакрил к‑тасын пайда кылат. Башка карбон к‑талары сыяктуу эле туздарды, хлорангидриддерди, татаал эфирлер­ди, амиддерди пайда кылат. Этилен сымал ко­шуп алуу реакцияларына кирет. Мис., суутек, галоген, галогендүү суутек молекулаларын оңой эле кошуп алат. Акрил кислотасы ацетиленди гидрокарбок­силдөөдөн, акролеинди, пропиленди кычкыл­дандыруудан алынат. Полиакрил кислотасын, ион алмаштыруучу чайырларды, каучуктарды, түр­дүү эфирлерди, басмакана боёкторун, лак алуу­да колдонулат.<br> |
13:05, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АКРИЛ КИСЛОТАСЫ, э т и л е н к а р б о н к и с л о т а с ы, СН2=СНСООН – бир негиздүү каныкпаган орг.аникалык кислота. Мол. м. 72,06, кескин жыттуу, түссүз суюктук, кайноо 1141°С. Сууда, спиртте, эфирде, СНС13тө, бензолдо эрийт. Ал оңой полимерленип, полиакрил к‑тасын пайда кылат. Башка карбон к‑талары сыяктуу эле туздарды, хлорангидриддерди, татаал эфирлерди, амиддерди пайда кылат. Этилен сымал кошуп алуу реакцияларына кирет. Мис., суутек, галоген, галогендүү суутек молекулаларын оңой эле кошуп алат. Акрил кислотасы ацетиленди гидрокарбоксилдөөдөн, акролеинди, пропиленди кычкылдандыруудан алынат. Полиакрил кислотасын, ион алмаштыруучу чайырларды, каучуктарды, түрдүү эфирлерди, басмакана боёкторун, лак алууда колдонулат.