Difference between revisions of "АЙГЫР ЖАЛ кыштагы"
Jump to navigation
Jump to search
м (Begay moved page АЙГЫР ЖАЛ to АЙГЫР ЖАЛ кыштагы) |
|
(Айырма жок)
|
14:49, 18 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы
АЙГЫР-ЖАЛ– Ош обл‑нун Өзгөн р‑ндагы кыштак. Баш‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Өзгөн ш‑нан 8 км батыш тарапта, Кара‑Суу темир жол бекетинен 64 км. Деңиз деңг. 940 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3091 (2014); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория бар. 1965–68‑ж. Кемпир‑Абад суу сактагычынын курулушуна байланыштуу мурдагы Жаңы‑Жол кыш‑нан башка жерге көчүрүлүп, азыркыча аталып калган.