Difference between revisions of "АЛМАСБЕКОВ Сталбек"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:32, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 Сталбек (15. 9. 1953-ж. т., Нарын обл., Жумгал р-ну, Көк-Ой айылы) ‒ ырчы (тенор), КРдин эл арт. (2003). 1970‒74-ж. М. Күрөӊкөев атн. Кыргыз мамл. муз.-хореогр. окуу

жайында, 1979-ж. Алматыдагы Курмангазы атн. мамл. консерваториянын ырдоо классында окуган. 1982-жылдан А. Малдыбаев атн. Кыргыз акад. опера ж-а балет театрында ырчы. Ал Дж. Вердинин «Аида», «Отелло», Пуччининин «Чио-Чио-сан», Бизенин «Кармен» операларынан партияларды, о.

АЛМАСБЕКОВ88.png

эле В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Манас» операсынан Сыргактын, Алмамбеттин, «Айчүрөк» операсынан Күлчоронун; «Ажал ор дуна» операсынан Бектур, «Токтогул» операсынан Керимбай, С. Осмоновдун «Сепил» операсынан Туйгун баатырдын ж. б. партияларды жогорку чеберчиликте аткарат. КМШ ж-а чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.