Difference between revisions of "АВТОБУС"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
 
v1e2_72-116>Kadyrm
(Айырма жок)

18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 [авто (мобиль ) ж-а (омни) бус] ‒ жүргүнчү ташуучу автотранспорт. Азыркы кездеги А-тун тарыхый «бабасы» омнибус ‒ белгилүү маршрут б-ча жүргүнчү ташуучу, жалпы

пайдалануудагы транспорт каражаты катары чыккан. Ат сүйрөгөн омнибус м-н шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу алгачкы жолу 1662-ж. Францияда уюштурулган. А. 20-к-да пайда болгон. Алгач ал жыгач чанак (кузов) орнотулган

ГАЗ-03-30 автобусу (1933).

жүк машинасынын шассисин элестетчү. А. 1914-ж-дан кеӊири пайдаланууга бериле баштаган. Москвада такай жүргөн А. каттамы б-ча жүргүнчүлөрдү ташуу 1924-жылдан, Бишкекте 1945-жылдан кийин уюштурулган. А. класстарга (микроавтобустан өтө чоӊ автобуска чейин), ар бир класс, өз кезегинде, арналышына карата модификацияга [шаардык, шаар айланасындагы, шаар аралык (туристтик), жерг. каттамдагы, алыска каттоочу] бөлүнөт. Жүргүнчүлөргө арналган микроавтобуста 9‒15, өтө чоӊунда 250гө чейин орун болот; ылдамдыгы 120 км/с (алыска каттаган А. үчүн). Анын чанагы вагон түрүндө жасалат. Астыӊкы негизине кыймылдаткыч, кыймыл берүү кутусу, алдынкы ж-а арткы дөӊ

Neoplan-116 шаар аралык автобусу (Германия).

гөлөк октору бекитилет. Кыймылдаткыч А-тун алдына, ортосуна же артына орнотулат. Азыркы А-та жүргүнчүлөр үчүн ж-а айдоочуга зарыл түрдөгү жайлуу орундар камсыздалган.