Difference between revisions of "«АЛДАР КӨСӨӨ»"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒ түрк элдеринин оозеки чыгармачы-лыгында кеӊири тараган акылдуу, айлакер адамдын жалпыланган образы. А. К-нүн аты айрым учурда лакап катары да колдонулат. Анын жоруктарына байланышкан көп сандаган күлкүлүү окуялар ж-а аӊгемелер калк казынасында. Фольклор б-ча Жаныбек хандын заманында (14‒15-к.) жашаган деген уламыш бар. Асанкайгы , Жээренче чечендин замандашы делет. Айрым окуялары мазмундук окшоштукта казак, каракалпак, түркмөндөрдө да айтылат. Бирок анын тарыхый адам экендигин далилдеген маалымат жок. Бардык элдердин фольклорунда А. К. ач көз, сараӊ байларды, соодагер -көпөстөрдү күлкүгө алып, карапайым адамдардын кызыкчылыгын коргогон калктын өкүлү катарында мүнөздөлөт. Чыгарманын окуялары ар түрдүү, анда калктын турмушундагы ар кан

дай учурлар камтылган. Көпчүлүк учурда окуялары кыска аӊгемелерден турса («Жээренче чечен жана Алдар көсөө», «Алдар көсөө жана Вазир»), кээде жөө жомок түрүндө да кездешет («Чык татырбас Чынарбай», «Алдар көсөө менен шайтан», «Көсөө»). «А. К.» окуялары түрк тилиндеги элдердин көбүндө жөө жомок катары кездешет.
Ад.: Кыргыз эл жомоктору. Ф., 1960.